MegaCom роуминги жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн саны арбып келет

MegaCom компаниясынын роуминг-өнөктөштөрүнүн саны күндөн-күнгө арбып келет. Айтмакчы, уюлдук оператор эсептешүүнүн алдын ала төлөнүүчү жана кийин төлөнүүчү системдери менен колдонгон абоненттер үчүн жаңы багыттар ачылгандыгын маалымдайт.

Алдын ала төлөнүүчү роуминг Vodafone NL (Нидерландылар) жана Vodacom (Түштүк Африка Республикасы) жаңы операторлорунун түйүнүндө, ал эми кийин төлөнүүчү роуминг Vodacom Tanzania Limited (Танзания) операторунун түйүнүндө жеткиликтүү болуп калды. Эми бул өлкөлөрдүн аймагында жүргөн маалда, абоненттерибиз номурун алмаштырбастан жана кошумча буйрууларды тербестен эле байланышта боло алышат.

Роуминг кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөр менен кызматташтык алака түзүүдө, абоненттердин мүдөөлөрү эске алынат. Айрым өлкөлөрдө бир нече байланыш операторлор менен роумингдик макулдашуулар түзүлгөн. Мындай кадам, өз кезегинде бул өлкөлөрдө тандоо эркиндигин кепилдейт жана камтуу аймагын бир кыйла кеңейтет. Роуминг-өнөктөштөрдүн байланыш операторлорунун тизмелери, кызматтарынын тарифтери менен компаниянын түйүнүнөн жана сайтынан таанышууга болот.

Дүйнө жүзү боюнча саякатта жана MegaCom менен байланышта бол!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан