Асылбек Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын жыйынына катышат
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков 22-26-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтчү КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын жыйынына катышат. Ошондой эле төраганын ЕврАзЭБдин парламент аралык жыйынына жана ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешине катышары маалым болду.