2015-жылы Кыргызстанда тигилген кийимдерди экспорттоо 60 пайызга жогорулайт. Өкмөттүн текстиль жана тигүү өндүрүмүн өнүктүрүү программасынын алкагында кошумча 20 000 жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн Военно-Антоновка айылына тигүү технополисин куруу болжолдонууда. Белгилей кетсек, акыркы 5 жыл аралыгында текстиль жана тигүү өндүрүшү 2 эсеге өскөн. Ал эми экспорттоолор 2,6 эсеге жогорулаган.