Смартфон – биздин бардык нерсебиз! Ал биз көптөн бери колдонгон аудиоплеердин, видеокамеранын, ойготкуч сааттын, колчырактын, телевизордун, ал гана эмес капчыктын да ордуна колдонулуп калды.
Кардарлардын көп сандаган суранычтарына ылайык жалпы Кыргызстандагы O!Store дүкөндөр тармагында жана OSTORE.KG сайтында жеке ишкердин патенти менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр үчүн смартфондорду насыяга сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мурун айлык акы тууралуу маалымкатты алып келүү милдеттүү эле. Эми 2 990 сомдон 97 900 сомго чейинки каалаган “акылдуу” телефонду сатып алуу үчүн айлык акы тууралуу маалымкаттын ордуна акыркы 3 айдын патенти менен паспортту көрсөтсө болот.
"Apple, Samsung, Huawei жана LG маркаларынын флагмандары өзгөчө талапка ээ, кадимки төлөм шарттарында бардык эле каалоочулар буларды дароо сатып ала алышпайт. 3 жылдык мөөнөт менен насыялык шартты киргизгенден баштап, бул кызмат абдан популярдуу болуп кетти жана азыркы учурда он миңдеген кыргызстандыктар кызматтан пайдаланып жатышат. Башында бир нече шаарда эле насыялоо ишке ашырылчу, бирок O!Store фирмалык дүкөндөрүнүн санынын өсүшү менен түйүн дагы жалпы өлкө боюнча кубаттуу түйүнгө айланды. Азыркы күндө смартфонду насыяга жол-жоболоштуруу Кыргызстандын ар бир облусунда ишке ашырылууда. Бизде кайтарым байланышы абдан жакшы калыпка салынган, мына азыр дагы кардарларыбыздын каалоолорун эске алуу менен, насыяга сатып алуу шарттарын жөнөкөйлөштүрүү үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасадык", – деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко маалымат менен бөлүштү.
Кеңири ассортимент
O!Store дүкөндөрүндө сиз бардык капчыкка ылайык мыкты техникалык талаптарга жооп берген товарды тандап алсаңыз болот.
Насыяга сатып алуу - пайдалуу
O!Store дүкөндөрүндө эң кымбат смартфондорду насыяга сатып алсаңыз болот, насыя 12 айга чейин жол-жоболоштурулат. Ошондой эле смартфонду каалаган O!Store дүкөнүнөн сатып алган учурда, "О!го которул" тарифтеринин чегинде 6 айлык мөөнөткө байланыш кызматтарына 50 пайызга чейинки арзандатууга ээ болосуз!
Өндүрүүчү-фирманын расмий кепилдиги
Бонустар жана арзандатуулардан тышкары, сиз өндүрүүчү-фирманын да кепилдигин аласыз. O!Store көптөгөн фирмалар менен түздөн-түз иштегендиктен, сунуштап жаткан түзүлүштөрдүн 100% сапаты жана толук сервистик тейлөөсү камсыздалат.
Акысыз жеткирүү
Өз убактыңызды үнөмдөө үчүн OSTORE.KG сайтынан онлайн-витринаны ачыңыз, виртуалдуу түрдө же 0 705 007 000 номери аркылуу (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) тапшырыкты жол-жоболоштуруңуз. Сизге жакканын табыңыз да, “Тапшырык кылуу” баскычын басыңыз жана өз телефон номериңизди жазыңыз. Аз өтпөй эле дүкөндүн менеджери сизге байланышка чыгып, сурамды толугу менен тактап, жол-жоболоштурат. Сатып алган буюмуңузду Бишкек шаары боюнча максималдуу кыска мөөнөттүн ичинде жеткирип беришет.
Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.