2012-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода айлантуунун көлөмү 5 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй бүгүн, 11-июнда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, Кытай Кыргызстан үчүн импорттун экинчи рыногу болуп саналат. “Мындан аркы өнүгүүдө Кыргызстандагы инфраструктураны жакшыртуу талап кылынат. Кызматташтыктын башкы багыты болуп ири долбоорлордо иш алып баруу эсептелет”,- деди элчи.