Голливуддун белгилүү актрисасы Женнифер Энистон жолдошу, белгилүү актёр жана режиссёр Жастин Теру менен ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, атактуу түгөйлөр бул чечимге чогуу келишкен жана мындан ары достук мамилени сактап калууну туура көрүшкөн.
"Элдин ар түрдүү кептеринен улам ажырашкандыгыбыз тууралуу ачык жарыялоону туура көрдүк. Бул эки тараптуу чечим өткөн жылдын аягында кабыл алынган. Биз бири-бирибизге болгон сүйүүнү жана сый-урматты сактап калдык", - деген экс-жубайлар.
Белгилей кетсек, Энистон менен Теру 4 жыл жакын мамиледе жүрүшкөн соң, 2015-жылы август айында баш кошушкан.