Жыл сайын дүйнөлүк кино тармагындагы мыктыларды аныктоочу эӊ маанилүү иш-чара – бул "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу салтанаты экени талашсыз. Сыйлык 1929-жылы негизделип, февралдын аягында өткөрүлүп келсе, быйыл Пйоңчаңдагы Кышкы Олимпиада оюндарына байланыштуу 4-мартка белгиленген. 150 метрлик кызыл килемди басып өткөн атактуулардын кийген кийиминен тартып, азем тууралуу кызыктарды жакшы билем десеңиз, төмөнкү тест аркылуу өзүңүздү сынап көрүүнү сунуштайбыз.