ЖКнын 12-июндагы жыйынында айрым депутаттар телеалпаруучу Салтанат Саматованын эфирде айткан айрым сөздөрүн сынга алышты. “Эмне үчүн Саматова “кыргыздар менен өзбектер эмнеге урушкан? Себеби өзбектер күнү-түнү иштейт, ал эми кыргыздардын кыларга иши жок” деп айткан?”,- дешти депутаттар. КТРКнын директору Кубат Оторбаев бул түз эфир учурунда айтылган сөз экендигин билдирип, “Салтанат Саматова өз кемчилигин билип, дароо кечирим сураган”,- деди. Айта кетсек, бүгүн парламентте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин жылдык отчёту угулууда.