Туратбек Үкүбаев, “Аталык Групп” компаниясынын жетекчиси: “Ийгилик жаратам деген адамдын алдында конкреттүү максаты болуш керек”

Кыргызстандагы ийгиликтүү ишканалардын бири - "Аталык Групп" компаниясы. Өлкөгө таанымал сапаты мыкты шараптар да ушул компаниядан чыгарылат. Учурда айыл чарба тармагына салым кошуп келе жаткан бул көп тармактуу компания, албетте, бир заматта эле пайда боло калган жок. Мунун артында далай кыйынчылыктар, далай адамдын эмгектери жатат. Эң башкысы, компаниянын негиздөөчүсүнүн мээнети. Бүгүнкү "Ийгилик сыры" рубрикабыздын коногу - "Аталык Групп" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Туратбек Үкүбаев.   

Үкүбаев Туратбек Галиярович

Туулган жери – Ысык-Ата району, Нурмамбет айылы

Туулган жылы1970-жыл, 17-ноябрь

Билими – КУУ, физика-техника факультети

Үй-бүлөлүк абалы –  5 уулдун атасы

- Туратбек мырза, “Аталык Групп” компаниясы кантип, кандай шартта жаралып калган? 

- 1993-жылы университетти аяктадым. СССР урап, жумушсуздук күч алып турган учур болчу. Базарда соода кылууга өттүм. Ташкенттен балдардын кийим-кечелерин алып келип “Аламүдүн”, “Дордой” базарларына сата баштадым. Кийинчерээк заводдон чыгарылган шарап сатууга өттүм. Ал убакта шарап чыгаруучу ишканалардын коммерциялык планы жок болгондуктан, чыгарган продукциялары өтпөй калчу, а мен шарап сатууну уланта бердим. 1994-жылы шараптарды кайра иштетип чыгуу идеясы келип, “Талгат” аттуу жеке компания ачтым. Ата-энем пенсионер болгондуктан, алардан жардам күтүп отура берүүдөн пайда жок эле. Ал кезде көпчүлүк заводдордун шараптары идиштерге куюлуп сатылчу, шишелерге куюлгандарына суроо-талап абдан жогору болчу. Көпкө ойлонуп, “өзүм бир иш жасашым керек” деген чечимге келдим да, китепканаларды казып, шарап жана ага тиешелүү жабдуулар тууралуу көптөгөн китептерди окуп чыктым. Аракетим натыйжа берип, керектүү жабдууларды ойлоп таптым. Эксперимент кылып жаткан учурда көптөгөн жаракаттарды да алдым. Бөтөлкөлөр жарылып кетер эле кээде. Кудай сактаптыр, бир гана көзүмө айнектин сыныктары кирген жок, андан башка соо жерим калган жок. Ошентип улам бир жерин оңдоп отуруп тиешелүү жабдууну өзүм иштеп чыктым. Анан кайнагамдын жана досторумдун жардамы менен 11 сотых жерге чакан завод курдум. Бардык жабдууларды толукташ үчүн кээ бирин банкрот болуп калган заводдордон сатып алып, ал эми айрым керектүү идиштерди таштандылардан чогултуп алган күндөрүбүз болгон. Айтор, иш баштоо оңойго турбады.

- Заводдун ишин андан ары өркүндөтүп кетүү кандай болду?  

- 1998-жылы расмий түрдө лицензия алып, “Талгат” “Кантвино” компаниясы болуп өзгөрдү. “Диана” шарабын чыгарып, жыл аягында 2 нөөмөттө иштей баштадык. Себеби биздин продукцияны сатып алуу үчүн кардарлар кезекке тизилип калышкан болчу. Айрым депутаттар келип, биз чыгарган винону өздөрүнүн гана дүкөндөрүнө берүүбүздү талап кылып да жүрүштү. 1999-жылы президент Аскар Акаев келип, ушунчалык кичине жерде Кыргызстанга белгилүү болгон шараптын чыгып жатканына таң калса, бир чети кесиптеши катары мени көрүп абдан сүйүнгөн, себеби ал дагы инженер-физик да.  

- Ал кезде атаандаштыктын деңгээли кандай эле?

- Кыйынчылыктар абдан эле көп болду. Бир эле учурда өзүм жетекчи, өзүм технолог, эсепчи жана жумушчу да болуп иштедим. 4-5 гана киши иштечүбүз, 1 кап шекер сатып алууга акчабыз жок калган учурлар баштан өттү. Продукцияны чыгардык, эми баары сонун болот дегенбиз, бирок андай болбоду. Анткени базарда чет жерден ташылып келинген винолор пайда болуп калган. Бирок алдыга умтула бердик, акыры “Кантвино” компаниясы Кыргызстанга таанымал болуп чыкты. Ошол убактагы айыл чарба министри келип таң калган, “Чет элден келген экен десе, өзүбүздөн чыгабы?” деп. 

Дагы бир тагдырдын белеги 1999-жылы ишканабызга Аскар Акаев келгенде болду. Ал “Кандай көйгөйлөр бар?” деп сурады, мен жер керектигин айттым. Ошол убакта Курманбек Бакиев Чүйдүн губернатору эле, президент “1,5 гектар жер бөлүп бер” деди, ал макул болду. Анткени бул саясий кадам болчу, чакан ишканаларды колдоо ошол мезгилдин талабы эле. Кийин ал жерге чоң завод курдук. 2003-жылы Жалал-Абаддагы “Жийде” шарап заводун, 2004-жылы сыра чыгаруучу завод сатып алдык.

- Демек, ал кездеги бийлик башчылары менен мамилеңиз жакшы болгон экен да?

- Көпчүлүгү ойлойт, “Туратбектин колдогон кишилери бар” деп. Алар абдан жаңылышат, себеби бул ийгиликтердин баарына эмгегимдин гана артынан жеттим. Акаев президенттиктен кеткенде ар кандай текшерүүлөр келе баштады, “бул Акаевдин кишиси болчу” деп, кийин Курманбек Бакиев бийликтен түшкөндө “бул Бакиевдин кишиси” дешип дагы текшере башташты, бирок эч кандай мүчүлүштүк таппай коюшту. Азыр эми “Атамбаевдин кишиси” деп жүрүшсө керек (күлүп). Апам бар, кызматкерлерим бар, башка эч кимим жок. Буудай, арпа, кызылча, жүзүм өстүргөн киши саясаттан жана криминалдан алыс болуш керек деп ойлойм.

- Эмне себептен компаниянын аты “Aталык Групп” болуп калган?

- Бүгүнкү күндө өндүрүштүн ар кандай тармактарында иш алып барабыз. “Кантвино” деген аталыш жасаган ишибизге төп келбей калды, ошондуктан “Aталык Групп” деп өзгөрттүк. “Аталык” сөзү “аталардан калган” дегенди билдирет. Менин 5 уулум бар, алар атасынын ишин улантып кетет деген үмүтүм бар. Ал эми “групп” “группа”, “топ” дегенди түшүндүрөт.  

- Шараптан башка дагы эмне өндүрөсүздөр? 

- Жүзүм өстүрүүдөн сырткары буудай, кант кызылчасын өстүрөбүз. Жылына 5 миң тонна буудай, 9 миң тонна кант кызылчасын өндүрөбүз. Вино жасоо үчүн өзүбүз жүзүм өстүрөбүз, 100 гектар жерге жүзүм эккенбиз, бирок ал дагы аздык кылат. Негизи, Кыргызстанда жүзүм өстүрүүгө мүмкүнчүлүк жогору болгону менен, негедир эч ким ага көңүл бурбай келет. Жүзүм 100 жыл мөмө берет жана сууну аз талап кылган өсүмдүк. Биз жүзүм өстүрбөй койсок, кыргыз виносу жоголуп кетиши мүмкүн. Кыргыз шарабы азыр өтө аз, себеби жүзүм жокко эсе. Кыргыздар Кытай, Аргентина, Чилинин жүзүмдөрүн жеп жатышат. Бул абдан күлкүлүү нерсе. 1 килограмм жүзүм базарда 300 сом, биз ушунча байбызбы, жүзүмгө ошончо акча короткудай? Учурда винонун 65тен ашык түрүн чыгарабыз, андан сырткары шампан жана коньяктын 2 түрүн чыгара баштадык.

- Ишканаңыздарга жумушчу алганда кайсы критерийлер менен тандап аласыздар?

- Көп ушактар айтылып жүрөт, “бул компанияга жумушка орношуу үчүн тааныш, туугандарың керек экен” деген. Бул жалган сөз. Мисалы, компаниябызда 50 пайыз кызматкерлерибиз ар башка улутун өкүлдөрү. Биздин компанияга жумушка орношуу үчүн адамдын өзүнүн жеке каалоосу, тажрыйбасы жана бир нерсени үйрөнүүгө шыгы болуш керек. Бир маселени чечүүнү билүүсү керек, жетекчиден жардам күтпөшү кажет.  

- Өзүңүздү кандай жетекчимин деп ойлойсуз?

- Биздин компанияда демократия үстөмдүк кылат. Менин иш бөлмөмө баш багып көрсөңүз, ал жерде катчы кыздын жок экенине күбө болосуз. 3-кабатта элдин жок экенин көрүп жатасыз, бирок бул жумушчулардын жок экенин билдирбейт, алардын ар бири өз иши менен алек болуп жаткандыгынын белгиси. Ошол сыяктуу эле жетекчи да өз ишин өзү аткарышы керек. Керек болсо чай коюп, куюп ичүүнү дагы өзү аткарышы шарт. Ушундай негизде иштеп келебиз. Эгерде жетекчи өзү эч нерсе билбей, бир команда түзө албаса, жаңы инновациялык нерселер менен иштей албаса, демек, ал мыкты жетекчи эмес. Ошондой эле кызматкерлерди баалаганды билиши керек.

- Саясатка аралашуу ниетиңиз барбы?

- Саясатчы болгум келбейт, ага аралашам деп акча короткум да келбейт. Иштеген ишим бар, ошону андан ары өнүктүрүү жолун ойлоп жүрөм. Акчаны балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө гана коротом. Элге жаңы нерселерди үйрөтүп, өнүгүү жолун гана көрсөткүм келет. Мисалы, азыр кант кызылчасын өстүрүүнүн эң оңой жолун таптык, баарын техника кылат, адамдар аны гана башкарып турат. Айыл чарбасында жок дегенде бир өнүккөн ишкана болсо, эл андан үлгү алат да.

- Бакыйган компаниянын жетекчиси катары кесип тандоодо башы катып, эки анжы жолдо турган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Менин балам мектепте “ЖОЖго айыл чарба тармагына тапшырам” десе классташтары аны шылдыңдашыптыр. “Кантип ушундай болсун? Банк кызматкери, менеджер, юрист болуу керек” дешип. Азыркы жаштар бир нерсени ойлоп табууну, жаратууну, колу менен иш жасоону каалабайт, башкарып гана отургулары келет. Бизде айыл чарба тармагына кесипкөйлөр жетишпейт. Жаштардын оюнда кычыраган кабинет жана кресло. Көпчүлүгү соода жаатына ыктап кетишет. Тажрыйба топтоп, аны жашоодо колдонуу көпчүлүктүн оюнда жок. Алар өздөрү гана билген, башка киши кыла албаган бир тармакты жакшы өздөштүрүп алуусу керек да. Жаңы муундун көпчүлүгү менеджер болуп, башкаргысы гана келет, башкаргычтар көп болуп кетти азыркы заманда, алар Кыргызстанга жетиштүү.

- Буга эмне себеп деп ойлойсуз? 

- Жаштар айыл чарба тармагынын келечегин көрө албай жатышат, башкача айтканда, бир эле трактор жүз миңдеген доллар турарын билбей жатышат. Азыр тракторлор дагы заманбап үлгүдө чыгып калган, ичинде мультимедиялык техникалар жайгашкан, жадакалса кондиционерлери бар. Анын алып келген кирешеси да аз эмес. Механизаторлор болсо мурункудай чыканагына чейин май болуп жүрбөй калышкан, алар жаңы техникалар менен гана иш алып барышат. Айыл чарбасына тиешелүү жумуштар престиждүү боло баштады. Саанчыларга дагы жаңы жабдык коюп бердик, эми алардын жумушу кыйла жеңилдеп калат. Мурунку убакта саанчылар бир күндө 3 жолудан сүт саашса, учурда бир күн иштеп, бир күн бош болушат. Мен дүйнө жүзү боюнча кандай иш болсо, ошону бул жакта колдонгонго аракет кылам. 

- Башка мамлекеттерде шарапты абдан баалашат, Кыргызстанда андай нерсе байкалбайт го?

- Кыргыздар көчмөн калк, жакындан бери эле азыркыдай үйлөрдө жашай баштабадыкпы. Чет элдиктер келип калса “Архитектураңар кана?” деген суроону беришет, мен аларга боз үйдү көрсөтөм. Жүзүмдөрдү Сталиндин буйругу менен гана отургузуп, Улуу Ата Мекендик согуштан соң гана шарап жасай башташкан. Экинчиден, вино - экономикалык абалдын күзгүсү, элдин жашоо деңгээли канчалык жогору болсо, анда аракты аз, шарапты көп ичип калышмак. Бизде винону алкоголдук ичимдиктерге кошушат, батышта бул тамак катары саналат. 

- Ийгилигиңиздин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

- Ийгилик жаратам деген адам 24 саат бою ойлонуп, тынбай иштөөсү керек. Анан да алдына койгон конкреттүү максаты болушу зарыл, максаты болбогон адам бир күнү ойгонуп “оо, бул ишти жасайын” дейт да, эртеси ал ишин таштап, башка нерсе тууралуу кыялдана баштайт. Экинчиден, эмгекчил болуп, убакытты баалаганды үйрөнүү кажет. Жаштар азыр кыйналбай, жеңил жолго көнүп алышты. Антпестен ошол кыйынчылыктардын баарын жеңе билүү керек. Физикалык, психологиялык, моралдык жактан кыйынчылыктар болот, ошолордун баарына даяр болуу - ийгиликке жетүүдөгү маанилүү нерсе. Ошондой эле бир нерсеге умтулган, ийгилик коштогон адамдардын жанында көп убакытка бирге болуу керек. Себеби биобайланыш да адамга чоң таасир берет. Ошол адамдын жанында пол сүртүппү, идиш-аяк ташыппы, маектешиппи, кыскасы, ошондон бир нерсени үйрөнүп алууга аракет кылуу зарыл. Ийгиликтин сыры ушунда деп ойлойм.

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
aidana_1985
2013-06-13 17:22:17
О боже какой мужчина!!! Интересный, успешный,предпримчивый,добрый, любит помогать детям и престарелым,прям мужчина-мечта!Побольше бы нам таких людей!!!Здоровья Вам и вашей семье!!! Я -ВАША ПОКЛОННИЦА)))
0
Kubanychbekkagan
2013-06-13 17:28:49
Ичкиликтен башкага аракетин жумшаса жакшы болмок.
0
Aida91
2013-06-13 17:35:15
Мен Туратбек байкеге айткым келет,Кыргызстанда сиздей адамдын коп болуусун каалайм ,политикага кийлигишпеген,оз жумушун эн жакшы денгээлде алып кеткен жана оз мекенине ушунчалык чон салым кошуп,жаштарга дем берген адамдардын катарын толуктап журо бериниз!!!Аракет кылыш керек ар бир адам, аракет кылсан берекет деген соз жон эле айтылбаса керек.Туратбек байке сиздин ишинизге албан-албан ийгиликтерди каалап кетким келет!!!Маегиниз абдан сонун болуптур!!!Сизди Алла талаам колдоп журсун ар дайым!!!
+2
Maks312
2013-06-13 17:36:41
без комментариев
0
Maks312
2013-06-13 17:38:41
бир кун ичип коруп анан комментарий жазайынчы
0
bela77
2013-06-13 17:39:30
Жакшыыыы...озу да "ничевый" экен)))
0
Mudur
2013-06-13 17:52:10
Адамдын ким экендиги анын айткан создорунон эле билинет. Ар бир созу олуттуу, мыкты адам экен. Жаш туруп ушунча ийгиликке жеткени мактоого татыйт! Иштерине ийгилик!
+3
parus.kg
2013-06-15 00:48:52
ушундай адамдардан улгу алыш керек
+1
belosnejka1
2013-06-16 09:37:23
Супер!
0
Шаиста Шатманова
2013-06-17 12:52:09
Саясатчы болгум келбейт, өз ишимди өнүктүрөм, элге да үйрөтөм... Ушул ою абдан жакты. Кыргыздар кыйратууну эмес, жаратууну үйрөнүшүбүз керек. Митингдерден пайда жок.
+2
saya4ka
2013-06-24 12:53:23
Азамат адам корунот. Ийгилик жана ден соолук сизге!
0
kizburak.81
2014-01-18 08:43:39
Ишинизге ийгилик!Ушундай кыргыздын жигитери кобойо берсин.
0
Aibusya
2014-01-31 13:11:04
ийгилик
0
Zarema94
2015-03-05 22:59:57
Сиздей адамдар к0п болсо экен
0
Ayperi94
2015-08-14 15:19:58
Уй-булолук бакыт жана ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан