"Бакубат Талас" фонду Малайзияда өтө турган ойлоп табуучулардын олимпиадасына окуучулардын баруусун каржылады

"Альянс Алтын" компаниясы негиздеген "Бакубат Талас" фонду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп, облустагы билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып келет. Фонддун Байкоочу кеңешинин 21-февралда болуп өткөн кезектеги жыйынында таластык жеткинчек ойлоп табуучуларды колдоо демилгеси каралып, жыйынтыгында 140 миң сом каржылык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. Анткени Талас шаарындагы "Манас-Ата" сапат лицейинин 11-классынын окуучулары Адылбек Эргешов, Атай Карагулов, Султан Сулайман уулу жана Алманбет Эркинбек уулу 13-16-мартта Малайзияда өтө турган Жаш ойлоп табуучулардын дүйнөлүк олимпиадасына катышууга чакыруу алышкан.

Бирок Малайзияга барып келүүгө каржы маселесин чечүү кыйын болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин алардын бул олимпиадага баруусу күмөн болуп келген. 28-февралда Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында “Бакубат Талас” фондусунун жетекчилигинин, облус өкүлүнүн катышуусунда аталган алдыңкы окуучуларга 140 миң сом акча каражаты салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Аталган окуучулар буга чейин Кенияда, Америкада, Казакстанда өткөрүлгөн инновациялык жаңы технологиялар боюнча сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып жүрүшкөн. Эскерте кетсек, Жаш ойлоп табуучулардын дүйнөлүк олимпиадасы биринчи жолу Малайзияда 2017-жылы 15 мамлекеттен өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн. Уюштуруучулардын айтуусунда быйылкы 2018-жылдагы дүйнөлүк сынакка 50 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Man87
2018-03-02 15:05:15
Сапат билим беруу мекемелери эн алдынкы орунда келе жатышат Алга САПАТ МЕКТЕПТЕРИ !!!
+2
kai42444
2018-03-02 18:01:33
Ушул сынакка мен да катышсам ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан