"Эйр Манас" авиакомпаниясынын учууларынын коопсуздугу эл аралык деңгээлде тастыкталды

2018-жылдын 1-марты - жаздын биринчи күнү - Кыргызстандын авиациясынын тарыхындагы маанилүү күн болуп катталды. Анткени "Эйр Манас" авиакомпаниясы - учуу коопсуздугунун дүйнөлүк катуу стандарттарына ылайык келүүсүн тастыктаган IOSA сертификатынын Кыргызстандагы алгачкы жана жалгыз ээси болду.

IOSA сертификаты жүргүнчүлөргө, өлкөгө жана авиакомпаниянын өзүнө эмне берет?

IOSA - IATA (Жарандык авиациянын эл аралык агенттиги) учуулардын коопсуздугунун эксплуатациялык аудити - авиакомпаниянын коопсуздуктун эл аралык талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү процесси. Бул сертификатка ээ болуу авиакомпаниянын эл аралык деңгээлде таанылышын жана ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарындагы коопсуздуктун кепили экенин билдирет. Бүгүнкү күндө "Эйр Манас" коопсуздугу абройлуу булак тарабынан тастыкталган биринчи жана жалгыз ата мекендик авиакомпания. Учурда IOSAнын тизмесине бүт дүйнө боюнча 423 авиакомпания кирет.

2006-жылдан тарта Кыргызстандын бардык авиаташуучулары Европа Биримдигинин "кара тизмесине" киргизилген. Бул Европа аймагында учууга тыюу салынганын билдирет. IOSA сертификатына ээ болуу - бул тизмеден чыгууга жасалган маанилүү кадам. "Эйр Манас" IOSA аудитинен оз алдынча отуп, Казакстандын башка авиаташуучулары киргизилген "кара тизмеден" чыгып, Европага учууларды баштаган "Эйр Астананын" жолун жолдоодо. "Эйр Манас" быйылкы жылдын аягында Европа өлкөлөрүнө учууга уруксат алышы толук мүмкүн, ошентип Кыргыз жарандары Европанын белгилүү багыттары боюнча түз бара алышат.

Мындан тышкары, авиаташуучунун эл аралык деңгээлде таанылышы башка авиакомпаниялар жана авиациялык түзүмдөр менен иштешүүнү жеңилдетет. Дүйнөнүн бардык авиакомпаниялары менен код-шеринг жана интерлайн-келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат, муну менен рейстердин кошулуусу ыңгайлуураак болот; рейстерди түрдүү авиакомпаниялар жүргүзсө да жүктү рейсти алмаштыруу түйүнүндө алуу зарылдыгы жоюлат; ал эми арадагы рейске кечигүү билетти жоготууга тете болбойт.

Ошондой эле IOSA сертификаты авиакомпания үчүн жеткиликтүү лизинг алууга мүмкүнчүлүк берет, мындай мүмкүнчүлүк заманбап учактардын көбөйүшүн шарттайт. Учуулардын географиясын кеңейтүү жана рейстерди көбөйтүү - мындай өзгөрүүлөрдүн логикалык уландысы. "Эйр Манас" карманган бюджеттик концепцияны эске алганда, рейстер мындан да жеткиликтүү болот деп ишенимдүү айтуу мүмкүн. Анткени учуу - ар бир адамдын укугу!

Компания тууралуу кыскача

"Эйр Манас" - Кыргыз Республикасынын ылдам өнүгүп жаткан авиакомпанияларынын бири. "Эйр Манастын" визиттик карточкасы - бул баасы арзан "лоукост" авиаташуунун бизнес-модели. Бир топ чет өлкөлөрдө кенен ишке ашып жаткан бул жаңы стратегия Борбор Азия аймагында ыңгайлаштырылган. "Эйр Манас" эл аралык "Манас" аэропортунда жайгашкан. Өзүнүн авиапаркында "Эйр Манас" Боинг 737-400 жана Боинг 737-800 үлгүлөрүндөгү учактарды пайдаланат. Авиакомпания аэропортто учактарды ыкчам тейлөө боюнча тастыкталган авиациялык-техникалык базага ээ. Квалификацияны жогорулатуу боюнча туруктуу программанын аркасы менен тажрыйбалуу экипаж жана техникалык адистер жүргүнчүлөрдүн суроо-талаптарын канааттандырууну жана жогорку стандарттарга ылайык келүүнү көздөп, учактын максималдуу коопсуздугун камсыздайт.

"Эйр Манас" авиакомпаниясынын негизги артыкчылыгы - бул сапаттын эл аралык стандарттарына жана учуулардын коопсуздугуна өзгөчө мамиле жасоо. 2014-жылдын ноябрь айында авиакомпания жергиликтүү авиаташуучулардын арасынан биринчилерден болуп Менеджменттин сапатынын системасы боюнча ISO 9001:2008 сертификатын алып, эл аралык тастыктоонун керектүү этаптарынан ийгиликтүү өтүп, ISO 9001:2015 жаңыланган стандарты боюнча кайра тастыктоодон ийгиликтүү өткөн. Бүгүнкү күндө "Эйр Манас" авиакомпаниясы IOSA сертификатына ээ болуп, Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгууну көздөп жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aika374
2018-03-05 15:15:36
Эн жакшы!!!
+3
almanbetperm
2018-03-06 13:53:52
TEZ JET силерге карабайбы
+2
KAYRATBEK
2018-03-06 15:13:03
Кыргызстанда канча компания бар, кайсыл компаниянын канча учагы бар толлук маалымат берип койсонор жакшы болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан