О! мобилдик оператору менен күнү-түнү WhatsApp аркылуу байланышса болот

О! мобилдик оператору өз кардарлары менен ар дайым байланышта. Сизге ыңгайлуу ыкма аркылуу биз менен байланышыңыз да, байланышка тиешелүү маселеңизди бир нече мүнөттө чечип алыңыз. Белгилей кете турган нерсе, өз сурооңуздун жообун күнү-түнү, жуманын ар бир күнү, чет мамлекетте жүрсөңүз да алсаңыз болот.

• WhatsApp

О! мобилдик операторунун контакт-борборунун атын жана номерин +996 705 700 700 телефонуңуздагы даректик китепчеге каттап алыңыз. WhatsApp тиркемесин ачыңыз жана «Чаттар» кошумча барагына кириңиз. Компаниянын кызматтары боюнча суроолоруңуз пайда болсо жаңы чат үчүн иконкасына "> >" белгилерин басыңыз да, биз менен чатты баштаңыз. Ошондой эле компания менен диалог баштоо үчүн шилтемесине кириңиз.

Мындан тышкары О! мобилдик операторунун кардарларды тейлөө тобу менен каалаган убакта төмөнкү платформалар менен байланышса болот:

www.o.kg сайтында онлайн-консультант

https://o.kg/ сайтына кириңиз. Төмөнкү оң бурчта сиз күнү-түнү каалаган убакта суроо берип, жооп ала турган терезе көрөсүз.

• Telegram

О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматы Telegram платформасында жеткиликтүү. Компаниянын тарифтери жана кызматтары боюнча маселелер пайда болсо, @Nurtelecom_bot'уна жазсаңыз жетиштүү болот.

• Социалдык тармактарда расмий баракчалар

Бизге Instagram, Facebook, Twitter социалдык тармактарында жазыңыз. Азыркы күндө 200 миңден ашуун пайдалануучулар биз менен байланышта. Кардарларды күнү-түнү колдоодон тышкары, сизди мобилдик байланыш тармагындагы актуалдуу жаңылыктар, ошондой эле конкурстар жана баалуу белектер күтөт. Сиз да кошулуңуз!

Эске салсак, байланыш кызматтарын:

lk.o.kg жеке кабинет;

• "Мой О!" тиркемеси аркылуу өз алдынча башкарса болот. Биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bolotbeck1983
2018-03-06 03:56:24
Жарнамаңар укмуш эле болуптурго, бирок деген жери күнү-түнү кызматтарды колдонууга албетте интернет керек, же офлайн түрүндө да иштей береби? Эгер андай болсо сөз жок демекмин.
0
Targarien
2018-03-06 11:43:27
bolotbeck1983, туура оператор менен байланышууга бекер интернет берсе жана акысыз чалуу кызматы иштесе жетиштуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан