MegaCom: Айымдар үчүн 75% арзандатуусу менен кооз номурлар

Суугу бети-колду каарып, ичиркенткен кыш күндөрүнөн кийин баарыбыз жазды, жазгы майрамдарды күтөт эмеспизби. Алардын ичинде айлананы ажайып кооздукка бөлөп турган өзгөчө күн бар. Ооба, туура таптыңыз. Ал күн - Айымдардын майрамы. 8-Март – аруулукту, назиктикти, мээримдүүлүктү, кеменгерликти, акылмандыкты даңазалаган жана аялзаты болуп көрбөгөндөй камкордукка бөлөнгөн күн. Айымдардын жагымдуу жылмаюусуна татыктуу болууну самаган мырзалар белектердин түрүн тартуулашат.

Урматтуу мырзалар, майрам күнү айымдардын көңүлүнө төп келе турган белек тартуулагыңыздар келеби? Белегиңиздердин өзгөчө жана пайдалуу болуусун каалайсыздарбы?

MegaCom алдыңкы мобилдик оператору 8-Мартка белек камдоонун эң жөнөкөй жолдорун – ыңгайлуу акцияларды сунуштайт:

  • 5-марттан 10-мартка чейин компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда "Күмүш" жана "Алтын" категориясынын номурларына 50%, "Платина 7500", "Платина 15000" жана "Платина 30000" категориясынын номурларына болсо 75% арзандатуу каралган!
  • Сатуу жана тейлөө борборлорунун бардыгы жасалгаланып, тейлөө кеңселерине келген ар бир кардарды майрамдык маанай күтмөкчү. Мобилдик оператордун бардык абоненттери үчүн МБ жана мүнөттөр топтомдору түрүндөгү жагымдуу бонустар аракетте болот. Балансты 100 сомдон 200 сомго чейин толуктаган учурда интернеттин 100 МБ жана түйүн ичиндеги 50 мүнөт; 200 сомдон 500 сомго чейин толуктасаңыз – интернеттин 512 МБ жана түйүн ичиндеги 75 мүнөт; 500 сомдон жогору сумма үчүн – интернеттин 1 ГБ жана түйүн ичиндеги 100 мүнөт бонус катары берилет;
  • Майрам күнү Сатуу жана тейлөө борборлоруна келип "Элдик" жана "Күн-Түн" топтомдорун кошуп алган MegaCom абоненттерин фирмалык азем белектер түрүндөгү жагымдуу белектер күтөт.

Сүйүктүү адамдарыңызга MegaCom менен бирге жагымдуу белектерди тартуулаңыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yrmat88
2018-03-06 14:58:14
Эн жакшы. Ушинтип айымдарбызды колдоп турушсун. Негизи биздин айымдар ушинтип эле ажайп кооз, сулуу болуп журо бергилечи.
+5
zhaku2017
2018-03-06 15:05:34
Майрамынар кут болсун айымдар.
+1
Ka2sr1
2018-03-06 18:00:59
8 - март бир эле айымдардын эмес, гуль саткан павилиондордун дагы майрамы. Андыктан соодалары жакшы болсун майрам куну. Куттуктайм айымдарды. Бар болгула. Жаркырап гана журо бергиле.
+2
Ask094
2018-03-06 18:41:40
Кыргыздын сулуу кыздары силерге дуйнодо тени жок. Бактылуу болгула дайыма уй булонор менен.
+1
Jango
2018-03-06 19:44:34
Бугунку жанылыктардын кобу эле мага жакты десем болчудай жалан эле жеп ичкендерди чукушуп таап жатышат молодцы жеенбеков иштнизге ийгилик
0
ruslanz
2018-03-06 20:19:16
Белекке номур берсе болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан