Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны кеңири масштабда өткөрүлүүчү "Белектер жылы" акциясынын катышуучусу боло алат

"Бакай Банк" ААКсы менен "Золотая Корона" системи жакынкы күндөрү “Белектер жылы” аталышындагы өзгөчөлөнгөн акцияны баштагандыгы тууралуу жарыялагандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал эми 700 миң сом баш байгеси үчүн таймашка кимдер катыша ала тургандыгы тууралуу Бакай Банктын Маркетинг жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Улан Мухамедден билүүгө аракеттендик.

- Улан, иш-чаранын максаты тууралуу кеңири маалымат берсеңиз...

- Акция чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибизди колдоого алуу максатында ойлонуштурулган. Анткени, мигранттар жыл сайын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн көптөгөн суммаларды которуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Алар иштеп тапкан каражаттарын ар кандай акча которуу системдери аркылуу жөнөтүп турушат. Бул акция да ошол акча которуучуларга кошумча каржылык колдоо болуп саналат.

- Акцияга кимдер катыша алат?

- Бул иш-чарага жашы 18ден өткөн, "Золота Корона" системи боюнча акча которуп же алган Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны катыша алат. Акцияга катышуу үчүн которууларды “Бакай Банкы” ААКсынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан филиалдарынан жана аманат кассаларынан ишке ашыруу зарыл. Акция 2018-жылдын 1-мартынан 15-декабрга чейин өткөрүлөт. Иш-чара негизги жана үч аралык баскычта өткөрүлө тургандыгы да өзгөчө мааниге ээ. Негизги баскычы 2018-жылдын 1-мартынан 15-декабрга чейин, ал эми аралык баскычтар: 1-марттан 1-майга чейин 1-баскыч, 1-майдан 31-августка чейин – 2-баскыч, ал эми 1-сентябрдан 15-декабрга чейин – 3-баскыч.

- Акцияга катышуу шарттары тууралуу маалымат берсеңиз?

- Акцияга катышууга ниеттенген жарандар Бакай Банкынын офистеринде ар кандай валюталарда: рубль, сом, доллар жана евродо "Золотая корона" системасы боюнча акча которуп же алууга тийиш. Ар бир 5000 рубль/сом, 100 доллар/евро өлчөмүндө же андан ашкан суммада жөнөтүлгөн же алынган которууларга бирден упай чегерилет. Жыйынтыгында, акция өткөрүлгөн мезгил аралыгындагы упайлар чогуу эсептелинет. Чегерилген упайларды кимдир бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт. Негизги сыйлык 700 миң сом. Андан сырткары биринчи баскычта сыналгы, экинчисинде кир жуугуч машина, ал эми үчүнчүсүндө муздаткыч ойнотулат. Ошондой эле максималдуу упай топтогон катышуучуга ноутбук, чаң соргуч, смартфон, чайнек, үтүк, рower вank, суу чыпкасы, дубалга илинүүчү саат жана башка белектер тапшырылат.

- Жеңүүчүлөр кандайча аныкталат жана сыйлыктар кайсы учурда тапшырылат?

- Жеңүүчүлөр аралык жана негизги баскычтарда аныкталат. Мында эң оболу акча жөнөтүү жана алуу боюнча топтолгон упайлардын саны эске алынат. Ар бир аралык мезгил ичинде көбүрөөк акча которуп же алган катышуучу акциянын аралык баскычынын жеңүүчүсү болот. Ал эми негизги баскычта көп сандаган акча которууларды ишке ашырып же алган катышуучу негизги жеңүүчү катары таанылат. "Бакай Банк" ААКсынын бардык пункттарында акча жөнөтүп же алуу боюнча чегерилген упайларды суммалоо аркылуу жеңүүчү аныкталып, банктын башкы офисинде сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Которулган акчаны алып же акча которгон ар бир жаранга ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну сунуштайбыз, анткени акцияга катышып, анын жеңүүчүсү болуп калган жаран сезилерлик финансылык колдоого ээ болот!

* “Белектер жылы” өзгөчөлөнгөн акциясы тууралуу ырааттуу маалыматты 0312 61 00 61, 6111 телефондоруна чалып же банктын офисине кайрылып алууга болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pandora
2018-03-14 12:53:53
Ар биринде шанс бар экен.Баарынарга ийгилик!!!
0
roklait
2018-03-15 10:02:31
Бизнесмен тез-тез акча которуп турган эле бирөө албаса,башкасы ала албай калдыгоо.
0
Mirlan27011987
2018-03-15 12:09:52
Колунан келгендер эле бербесе, жардылар жалгыз маалын чыгарбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан