2017-жылы "Кумтөрдүн" Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөрү 269 миллион 731 миң доллардан ашты

2017-жылы "Кумтөр" кенинде 562 749 унция же 17 503,46 килограмм алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 550 134 унцияны же 17 111,09 килограмм алтынды, сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 685,2 миллион долларды түздү. "Кумтөрдүн" мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү 2017-жылдагы салымы 126,524 миллион доллар же 8,7 миллиард сомдон ашкан.

Ал эми Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр, анын ичинде салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук жана башка 269,731 миллион АКШ доллардан ашуун сумманы түздү. Компания иштеген 1994-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 472 миллион АКШ доллардан ашкан.

"Кумтөрдүн" Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири - Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча:

* "Кумтөрдүн" өлкө ИДПсындагы 2017-жылдагы үлүшү - 9,7%;

* "Кумтөрдүн" өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү - 21,1%.

2018-жылга божомол:

"Кумтөр" ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миӊдей унция же 14,15-15,55 т болмокчу.

Комментарий:

"Центерра Голд" компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри төмөнкүнү белгиледи:

“Мен сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктуну эсепке алуу менен унциясына 688 доллар көлөмүндө, жалпысынан 785 316 унция көлөмүндөгү алтын өндүрүү боюнча пландык тапшырманы аткаргандыгыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын, бул 2017-жылга алдын ала каралган пландаштырылган минимумдан төмөн. Бул "Кумтөр" негизги фондуларды кармап турууга пландаштырылган минимумдан төмөн жалпы чыгымдарда алтын өндүрүү боюнча пландуу көрсөткүчтү ашыра аткарган дагы бир ийгиликтүү жыл болду. Мисалы, 2017-жылы ал сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктуну эсепке алуу менен унциясына 698 доллар көлөмүндө, жалпысынан 562 749 унция алтын өндүргөн".

***

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2018-жыл, 14-мартка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 425 миллион доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан