Сиздин сыналгы O!TV Android приставкасы менен АКЫЛДУУ болуп калат

O!TV Android приставкасын сатып алыңыз да, 130 ТВ каналын бир ай бою АКЫСЫЗ көрүңүз!

Жогорку технологиялык компаниянын имиджин кармап туруу менен О! Мобилдик оператору жаңы O!TV Android приставкасынын сатыгын баштады. Бул революциялык түзүлүш кадимки сыналгыга жаңы жашоо тартуулап, аны санариптик мүмкүнчүлүктөрү бар мультимедиалык борборго айлантат!

O!TV Android приставкасы – бул сиздин сыналгыга төмөнкү функцияларды бере турган чакан жана кичинекей түзүлүш:

  • O!TV тиркемеси аркылуу популярдуу 130 ТВ каналын көрүү мүмкүнчүлүгү
  • Сиздин телевизордон браузер аркылуу Интернетке чыгуу;
  • YouTube каналынан видеолорду көрүү,
  • Skype, Facebook аркылуу баарлашуу;
  • USB-топтогучтан медиафайлдарды ачуу;
  • Android 7.0. башка мүмкүнчүлүктөрү.

Приставканы минималдык интерфейстерге (“тюльпан” деп аталган - кызыл, сары жана ак кичине коңгуроолор) ээ болгон бардык сыналгыларга кошсо болот.

Приставка Wi-Fi же зымдуу Интернет аркылуу иштейт.

O!TV Android приставкасын сатып алганда, сиз 130 рейтингдик телеканалдарды 30 күн АКЫСЫЗ көрүүгө мүмкүндүк аласыз. Комплектинин баасы бардык салыктарды эске алуу менен 2990 сомду түзөт. Түзүлүштү өлкө боюнча жайгашкан бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алса же Бишкек шаарында акысыз жеткирүү үчүн ostore.kg сайтынан тапшырык кылса болот. Акция 2018-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт. Толук маалыматты o.kg сайтынан же 798 телефонунан (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) билсе болот.

Сиздин сыналгы АКЫЛДУУ болуп калат!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
rysik79
2018-03-15 10:26:22
Ящик телевизорго кошсо болот бекен?
0
Okgmobile
2018-03-15 11:33:03
rysik79, саламатсызбы. Ушул O!TV Android приставкасын ар кандай телевизорго кошсо болот. (“тюльпан” деп аталган - кызыл, сары жана ак кичине коңгуроолор же AV кабель бар болсо).

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
+1
rysik79
2018-03-15 17:06:33
Okgmobile,рахмат чоон. .
0
meerim01
2018-03-15 13:10:26
Yasin деген телевизорго кошсо болобу
0
Tynchtykbek84.kg
2018-03-15 14:22:55
meerim01,Саламатсызбы,ооба Yasin өндүрүшүнөн чыкка сыналгыларга кошсо болот.Жакшылап көңүл бөлүп окусаңыз жогоруда жазылып турат:(AV-аудио,видео деп сыналгынын каптал жагында же болбосо артында атайын орун бар).Кыскача айтканда кадимки эле двд же санарип кабелдери кошулат(сары,ак,кызыл түстөгү кабелдер менен).Ошол жакка туташтырып кошуп алсаңыз болот
+2
uli0404
2018-03-15 17:05:06
Мурда эле чыгарсаңар болмок экен да. мен телевизордон интернетке кириш үчүн атайын wi fi бар телевизорд алдым эле. Муну билгенде албай турмак экенмин
+1
Kasym_1
2018-03-15 17:10:35
Ошондо,пултьтунда тамгалар да барбы?
+1
Kalmurzaev8900
2018-03-15 17:20:49
Бул 130 канал толка шаарларда тартса керек аа айылдарда тартабы экен
0
vavilon.
2018-03-15 18:02:34
Kalmurzaev8900, Айылда деле тартат, бирок кучтуу интернет керек. Негизи бул кабельный интернетке жакшы, мобилныйда өтө жогорку ылламдыктагы интернет болбосо көрүү кыйын.
+2
Kalmurzaev8900
2018-03-15 19:29:41
vavilon.айтынызчы домашный антенденда тартабы 130 канал алдын ала рахмат
0
vavilon.
2018-03-16 09:50:12
Kalmurzaev8900, Антенанын кереги жок, через интернет иштейт. О.ТВ деген приложениени телофонго орноткондой эле, телевтзорго орнотуп алып коро бересиз через интернет. Мындайча айтканда телевизорунуз Андроид болуп калат экен. Кааласаныз ХХХХ киресиз,.
+1
ruslanz
2018-03-15 18:54:30
Интер. мин. ылдамдыгы канча болушу керек, кандай роутер керек болот.
0
Okgmobile
2018-03-16 11:10:43
ruslanz, саламатсызбы.
Минималдуу ылдамдык - 300 кбит/с.болуш керек.

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.

0
O.dembele
2018-03-16 10:12:51
Ошондо,AVANGARD телевизоруна тушобу,тв Озу андроид
0
ruslanz
2018-03-16 10:26:56
O.dembele,Баардык тв-га кошулат, эн башкысы инт-тин ылдамдыгы. Кандай ылдамдык керек сурасам жооп беришпейт.
0
Okgmobile
2018-03-16 11:11:17
ruslanz, саламатсызбы.
Минималдуу ылдамдык - 300 кбит/с.болуш керек.

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
0
Okgmobile
2018-03-16 11:12:29
O.dembele, саламатсызбы.

(AV-аудио, видео деп сыналгынын каптал жагында же болбосо артында атайын орун бар). Кадемкидей эле двд же санарип кабелдери кошулат (сары,ак,кызыл түстөгү кабелдер менен).

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан