"Эйр Манас" өлкөдөгү эң мыкты авиакомпания деп табылды

"Эйр Манас" авиакомпаниясы Кыргыз өлкөсүндөгү авиакомпаниялардын арасынан эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган тегерек столунда маалым болду.

"Туризмде авиациянын ролу" деп аталган IV тегерек столдун алкагында аэропорттун эң мыкты өнөктөш-авиакомпанияларына I Сыйлык тапшыруу аземи да орун алды.

Жүргүнчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде "Өлкөдөгү эң мыкты авиакомпания" деген наамды "Эйр Манас" компаниясы жеңип алды. Бул сыйлык авиакомпаниянын жалпы жамаатынын тынымсыз жана кылдат иш алып баргандыгынын көрсөткүчү. "Эйр Манас" ар дайым бир максатты көздөп иш алып барат, ал жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болгон баага сапаттуу кызмат көрсөтүү.

Ата мекендик авиакомпаниянын жетишкендиги бул сыйлык менен гана чектелген жок. IATA - Аба транспорттору эл аралык ассоциациясынын Борбор Азиядагы аймактык менеджери Жордан Карамалаков "Эйр Манас" авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаевге учуулардын эксплуатациялык коопсуздугу боюнча эл аралык аудиттен өткөндүгү тууралуу сертификатты тапшырды. Бул сертификатка ээ болуу авиакомпаниянын эл аралык авиацияда дүйнөлүк авиациянын катуу стандарттарына жооп берген авиакомпания катарында таанылышын билдирет. Дүйнөдө 5000ден ашык авакомпаниянын ичинен болгону 424 авиакомпания мындай сертификатка ээ, Кыргызстанда болсо – жалгыз "Эйр Манас" авиакомпаниясында бар.

"Аудит учурунда IATA'нын толук кандуу мүчөсү деген макамды алууга жазылган арыздын негизинде авиакомпаниянын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрү текшерүүгө алынып, ийгиликтүү өттү. Бул "Эйр Манастын" дүйнөлүк авиация тармагында эл аралык бардык талаптарга жооп берген, эң коопсуз экендигин далилдеди. IOSA эл аралык аудитинен өтүү - авиакомпания көрсөткөн кызматтары тарабынан да, учуулардын коопсуздугун камсыздоодо да алда канча өнүккөндүгүнөн кабар берет.

Биздин кийинки кадамыбыз - IATA Авиаташуулар эл аралык ассоциациясына кирүү үчүн документтерди күбөлөндүрүү жана Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгуу", - деп билдиришти "Эйр Манас" авиакомпаниясынан.

Эске салсак, "Эйр Манас" авиакомпаниясы 2006-жылы уюштурулуп, "Манас" эл аралык аэропортунун базасында иш алып барат. Анын авиапаркында "Боинг 737-400" жана "Боинг 737-800" учактары жүргүнчүлөрдү ташып, кызмат көрсөтөт. Аэропортто "Эйр Манастын" өзүнүн жеке сертификатталган авиа-техникалык базасы бар. Ал база учактарды ыкчам тейлеп турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
maks94.kb
2018-03-15 16:14:53
Эн коп акча Берген авиакомпания десек болот
+8
vangolu
2018-03-15 17:31:29
Пегасустун филиалы экен.тамак бербейт.0.5 л суу 70 сом.уят деп эсептейм.суу аяган болбойт
+6
Husan
2018-03-15 17:33:32
vangolu,Туура айтамыз тамак аш бербейт,билет баасы аттын башындай,айр кафеси бар кымбат
+4
newman
2018-03-15 19:12:10
Кыргызстан ичинде өзү Тездетүү, авиатраффик, Эйр Манас ушул 3 эле компания болсо...
+1
newman
2018-03-16 14:28:59
newman, тезжет
+1
Mongol1155
2018-03-16 10:20:49
Дуйнолук аренадагы жакшы авиакомпаниялардын каттамына киребиз десе, жогорку кемчиликтердин баарын ондош керек. Жаны учактар, жакшы сервис жана суусундук, тамак-аш албетте биринчи орунда туруш керек. Turkish Airlines авиакомпаниясы буга мисал.
+3
Paprikafm
2018-03-16 10:29:34
Мага эйрМанас жакпайт тамактары платный, учпай калсан акчанды кайтарып бербейт, авиатрафик жакшы
+7
newman
2018-03-16 14:30:21
Paprikafm,
Бул лоукостер компанияда. Макул тамак жебесемда жетсем болду десем багажга да акча сурап атпайбы
+2
haydarkan
2018-03-16 14:41:53
TezJet озун жакшына эле реклама кылып койдуго
+2
Birimdik5555
2018-03-16 16:21:41
Тамак,суу бербегени жаман,айрыкча жаш балан менен чыксан кыйналасын,
0
Aza17
2018-03-16 16:32:48
.
0
Mamiev
2018-03-16 21:04:52
Жаман ком.тр очуруп салыптыр.Бул копания ото ичи тар тамак бербейт бир стакан суудан болок.Дагы доширак сатанычы.Бул ком.тр да очуруп салбагыла супер
+1
Elnura1997
2018-03-17 03:04:22
0.5 сууну 60рубльга алганда эле оооолду дегем эч качан мыкты компания боло албайт рахмат бирок коздогон жерине жеткиргени учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан