"Бакай Банк" менен бирге Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга катышкыла

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 12-март күнү салтка айланган Дүйнөлүк акча жумалыгы өтө тургандыгы тууралуу жарыялаган. Ушул иш-чаранын алкагында "Бакай Банк" 13-марттан 18-мартка чейинки аралыкта калайык-калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган кызыктуу сынактарды өткөрө тургандыгын маалымдайт.

  • Жашы жетиге толо элек балдар үчүн сынак: төмөнкүдөй 3 суроого видео-жооп: "Акча деген эмне? Аны кайдан алууга болот? Акча эмне үчүн керек?".

СЫЙЛЫКТАР:

1-орун - 5000 сом старттык капиталы менен "Балдар үчүн" депозити;

2-орун - 1500 сом суммасына каалаган китепти сатып алууга сертификат;

3-орун - Спорт-батут комплексине сертификат;

  • 8 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн сынак: "Акчаны эмнеге жумшаган жакшы?" темасындагы сүрөт-сынагы

СЫЙЛЫКТАР:

1-орун - svetofor.kg интернет-дүкөнүнө 2000 сом суммасына сертификат;

2-орун - 1000 сом суммасына каалаган китепти сатып алууга сертификат;

3-орун– Бассейнге барууга сертификат;

  • 15 жашка чыккан жана андан өткөн жаштар үчүн сынак: "Сом жөнүндө" ыр саптары

СЫЙЛЫКТАР:

1-орун – Рюкзак Bobby (Антивор);

2-орун – PowerBank;

3-орун – Киного эки адамга билет;

Жогоруда белгиленген сынактар 13-марттан 18-мартты кошо алгандагы мезгил ичинде өткөрүлөт. 2018-жылдын 20-мартында жыйынтыкталат.

Сынактардын негизги эрежелери:

  1. Социалдык баракчаларга видео, сүрөт же ыр саптарын жайгаштыруу;
  2. Аты-жөнүн жана жаш курагын милдеттүү түрдө көрсөтүү;
  3. Бакай Банкынын баракчасын баса белгилөө Facebook - Bakai Bank, Instagram - @bakaibank.kg #неделяденегБакайБанк хештеги менен;
  4. Жеңүүчүлөр лайктардын ("жакты" белгилердин) саны боюнча аныкталат.

Сынактарга катышып, сыйлык ээси болгула! Катышкандарга ийгилик каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан