Бишкекте бизнес баштоону көздөгөндөргө багыт берген "Мен ишкермин" клубу ачылды

Өлкөдөгү жаштардын арасында өз алдымча ишкер болуп, каражат тапсам дегендер көбөйдү. Бирок бул оюн ишке ашыруу үчүн аларга багыт көрсөткөн мекеме керек болуп жаткан.

Бул суроо-талапты өз кезинде сезип, ишкер Асел Алымбаева башында турган "Мен ишкермин" клубунун ачылышы Бишкекте орун алды. Эми жеке ишкерчиликти баштоону көздөп, бирок жаралган суроолоруна жооп ала албай жүргөндөр клубга келип, бизнес жаатында ийгилик жараткан ишкерлерден сабак, тажрыйба ала алат.

"Биздин өлкөдө мектептерде каржыны туура пайдалануу боюнча сабактар өтүлбөйт. Муну менен катар эле үй-бүлөдө да бул багытта жетиштүү жана туура маалыматтар айтылбайт. Жаштар өз алдынча жашоо баштаганда каражат табууда жана аны туура пайдаланууда келип чыккан маселеден кыйналышат. Бул анын жашоосундагы каатчылыкты жаратат. Мен 11 жылдан бери жеке ишкерчилик менен алектенип келем. Бул убакытта ишкерликтеги көйгөйлөрдү биле алдым, жумуштун башында көп кыйналдым. Андыктан ишкерчилик менен алектенгендерге жардамы тиет деген ниетте ушул клубду ачтык", - деди Алымбаева.Клубдун ачылыш аземине Алымбаеванын бизнестеги өнөктөштөрү, жаш ишкерлер жана жакын санаалаштары келди. Ошондой эле кызыл лентаны орусиялык бизнесмен, бизнес-практик, эл аралык тренер Илья Кусакин кесип, клубдун жамаатына баштаган иши ийгиликтүү болушун каалады.

"Бул заман талабындагы клуб, көптөгөн адамдардын ийгиликтери ушул жерден башталат деп ишенем", - деди Кусакин.

"Мен ишкермин" ишкерлер клубунун алгачкы тренингин Илья Кусакин өттү. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга борбор калаадагы ишкерлер, жеке бизнес ачууну көздөгөн көптөгөн жаштар топтолду.

Тренингдин жүрүшүндө Кусакин:

* Black Star компаниясынын түзүүчү директору катары Орусияда тез аранын ичинде эл арасына жайылган Black Star Burger тез-татымдар ресторандар тармагынын ийгиликтери;

* Кантип туура идея табыш керек;

* Кардарлар, өнөктөштөр менен иштешүүдөгү зарылчылыктар;

* Рынокту анализдөө;

* Социалдык тармакта бизнес жүргүзүү жана башка темаларда кызыктуу маалыматтарды берди. Ага келгендер өздөрүн кызыктырган суроолорду жолдошуп, жооп ала алышты.

Семинар-тренингдин катышуучусу Турсунай Канышаева келечекте өз алдымча иштеп, каражат тапсам деп тилек кылат. Максаттары орундалышына ишенген бийкеч бүгүнкү тренинг аны шыктандырганын айтат.

"Мени таасирленткени Кусакиндин жөнөкөй бир курьер болуп иш баштаганы жана ушул деңгээлге жеткени. Ал жогорку окуу жайынан билим алган эмес, бирок 25 жашында долларлык миллионер боло алды. Мен бүгүн алган маалыматтардан жыйынтык чыгарып, текстиль жаатында иш баштайм", - деди ал.

Жеке бизнести баштоодо өзүңүздүн күчүңүзгө ишене албай, кайсы бир суроолорго жооп таппай жатсаңыз Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү №69-даректе жайгашкан "Мен ишкермин" клубуна келип катталып, анда өткөрүлчү тренинг, курстарга катышыңыз.


кошулду
Бишкекте бизнес баштоону көздөгөндөргө багыт берген "Мен ишкермин" клубу ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aza84
2018-03-19 23:56:51
Молодцы келечеке чон жардамы тийер
-6
Zainidin96
2018-03-20 00:01:16
Супер адресин берип койгулачы каерде екен кенеш угалы барып керектуу маалымат екен
-5
Zainidin96
2018-03-20 00:03:20
Киев 69дареги кайсы кочо менен кесилишет екен
-6
Djumahmatov
2018-03-20 01:15:49
Жакшы идея жаштарга жардамы тийип калаар буюрса
-8
beka1207
2018-03-20 01:55:10
Бул деле бизнесда))))акча табуунун бир жолу да бул ачылган клуб
+10
kg_bala_
2018-03-20 02:41:31
Бактылуу деген эмне айткылачы?
-1
Acord
2018-03-20 11:02:48
Ошто да ачылса жакшы болмок
-6
ozgeldi
2018-03-20 11:49:02
Бироого ишенбей озуно ишен
+4
modem4999
2018-03-20 12:47:49
Тренингине акча толоп киресин болуш керек, эртен келсен мындан жакшысын уйротом дейт дагы келесин башын айланып.Азыркы заманда бир кудайга анан озунорго эле ишенгиле.
+4
erlan2196
2018-03-20 16:31:20
Эн туура болуптур. Замандын талабына жараша ачылыптыр. Уюштургандарга чон рахмат. Ушундай жашоодо пайдалуу иштерди кобуроок уюштуруп турушса.
0
Aznazalai
2018-03-20 17:33:50
Бизнес кылыштын туура жолун уйротпой озун эле кыла берчи бизнесинди.Кыргыздар Аллахым берекесин берсин деп эле бизнес баштай беребиз.тренинг дешип батышты туурашат
+1
Medinaa
2018-03-20 21:32:59
Рахмат.Чачы майланышып,бирөө менен ушак куушуп өзү акча таппай,же бирөөгө пайдасы жок бекерчи адамдарга караганда сооп иш кылдыңыз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан