Эс алдыруучу, кубат берүүчү суусундуктардын бири кофе. Кофе ким тарабынан ачылганы тууралуу так маалымат жок. Бирок түрдүү уламыштар айтылып келет. Эң көп айтылган уламышта эфиопиялык койчу Калдим тоону бойлой кой жайып жүрүп кызык көрүнүшкө туш болот. Тоо боорунда өскөн бир дарактын жалбырагын жегенден кийин кой, эчкилер ары-бери чуркап, тынчы жок болуп калганын байкайт. Калдим ал дарактын жалбырагын табыпка алып барып, болгон окуяны баяндайт. Табып жалбырактан дары жасап, башы ооруп жаткан адамга берсе, анын баш оорусу басылат экен. Ошондон баштап ал дарактын мөмөсүн, жалбырагын дары катары колдоно башташкан. Кызык бекен? Эмесе, 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялап, кофе тууралуу билгениңизди тесттен сынап көрүңүз.