Кыргыз чек арачылары чет өлкөдөн окуп келишет

Кыргызстандык 200дөн ашык чек ара кызматкерлери чет өлкөдөн окуп келишет. Бул тууралуу КРнын Чек ара аскерлигинин жетекчиси Закир Тиленов билдирди. Тиленов билдиргендей, буга чейин да жүздөгөн кыргыз чек арачылары башка мамлекеттен окуудан өтүп келишкен. "166 чек ара кызматкери Орусиядан, 54 кызматкер Казакстандан, 3 кызматкер Түркиядан, 2 адам АКШдан жана 1ден адам Кытай менен Германиядан атайын окуудан өтүп келишет",- деп билдирди чек ара жетекчиси.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан