Япониянын түштүгүндө сакура гүлдөй баштады. Муну менен бирге эле күн чыгыш өлкөсүндө "Japan Cherry Blossom" аталышындагы фестиваль башталды.
Япониянын түштүгүндө жайгашкан Осако шаарында сакура апрель айынын алгачкы күндөрүнө чейин гүлдөйт, ал эми түндүктөгү Аомори, Хоккайдо, Тохоку, шаарларында сакура бир аз кеч гүлдөп, бул керемет кооздукка жергиликтүү жашоочулар жана туристтер апрель айынын ортолоруна чейин күбө боло алышат.
Өлкөнүн борбору Токиодо "Japan Cherry Blossom" фестивалы белгилүү "Синдзюку-Гёэн" сейил багында белгиленет. Аталган сейил багында миңден ашуун сакура бактары бар.