О! Мобилдик операторунун беш супер акциясы

Көз ачып жумганча бул күндөр өтүп кетет! O!Store дүкөндөр тармагындагы бул акциялардын мөөнөтү аяктап келе жатат. Ошондуктан аларга катышууга жана бонустарга ээ болууга жетишиңиз!

О! Мобилдик операторунун супер пайдалуу жана “даамдуу” сунуштарынын топтомун тартуулайбыз.

Бир смартфонду сатып ал да, экинчисин БЕЛЕККЕ ал!

Көптөн бери эски телефонду жаңысына алмаштырайын деп жүрдүңүз беле? Балким, сиздин балаңыздын да смартфонуна апгрейд керек болуп калгандыр. Бул акция менен “эки иштен бир иш” жасаган болосуз, тактап айтканда, өзүңүзгө чаңдан да, суудан да коркпогон, камера менен процессорунун салабаттуу өзгөчөлүктөрү бар LG V30+ супер флагманын сатып алыңыз да, экинчи LG Q6a смартфонун белекке алыңыз! Натыйжада, 55 900 сомго дароо эки мыкты смартфонго ээ болосуз! LG V30+ флагманы кандай экенин видеосерептен көрө аласыз, анын «эң стилдүү чексиз экрандуу смартфон» лакабын алган "кичүү иниси" LG Q6a тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот.

LG Q6a смартфонун сатып алганда баланска +1000 сом

Эгер сиз заманбап, сонун жана ошол эле учурда баасы жеткиликтүү смартфон издеп жүрсөңүз, анда LG Q6a– идеалдуу вариант болуп саналат. Стилдүү чексиз экрандуу LG Q6a смартфонун сатып алыңыз да, баланска +1000 сомго ээ болуңуз! Смартфондун баасы 15 990 сом. Муну менен эле баары бүтүп калбайт! Белекке кап жана плёнка дагы аласыз.

HUAWEI смартфондорун сатып алганда баланска +200, +300, +1000 сом

О! Мобилдик операторунун смартфондорду өндүрүүчүлөрдүн бири Huawei компаниясы менен көп жылдык үзүрлүү кызматташуусу өз жемишин бере баштады. O!Store дүкөндөр тармагында бардык кардарларды мурункудай эле "О!го которул" пайдалуу тарифинин чегинде чалууларга, SMS жана Интернетке колдоно ала тургандай мобилдик эсепке +1000 сомго чейин атайын сунуш күтөт. Huawei Y3 2017, Huawei P9 Lite mini, Huawei Mate 10 Lite өзгөчө моделдеринин ичинен өзүңүзгө ылайык смартфонду тандап алыңыз.

O!Store бестселлерлери – фирмалык O!Phone смартфондору

  • O!Phone 4G PRO баланска +300 сом. Абдан эле жупуну баага 6 490 сомго өтө ыңгайлуу жана татынакай смартфон. Эки ядролуу процессорго жана 1 ГБ оперативдүү эс-тутумга, стилдүү дизайнга ээ, 2 SIM-карта менен иштейт. Жалпысынан, заманбап дүйнөдө керектүү Skype, WhatsApp жана Viber, Instagram, Facebook же Одноклассники тиркемелерин пайдалануу үчүн бардык нерсеси бар. Сүрөттөр үчүн смартфондо 8 МП негизги камерасы, ал эми видеосүйлөшүүлөр үчүн 8 МП уруксаты жана түнкүсүн да мыкты селфи жасоого шарт түзгөн вспышкасы менен маңдайкы камерасы бар. O!Phone 4G PRO смартфонунун өзгөчөлүктөрү видеосерептен көрсө болот.

Кооз жуп номерлер – Баасы 30%га арзандады!

Акция боюнча бирдей жуп номерлерди миң сомдун ордуна 700 сомго сатып алыңыз. Сизге керектүү номерлерди биринчилерден болуп тандап алууга жетишиңиз.

Көңүл бургула: Акциялар боюнча түзүлүштөрдүн саны чектелүү. Жакын арадагы O!Store дүкөнүндө бар экендигин 0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу сурап билиңиздер. OSTORE.KG интернет–дүкөнүнөн жагымдуу баасы менен каалаган смартфонду тапшырык кылуу жана ошондой эле байланыш кызматтарына 50%га чейин насыяга сатып алуу мүмкүн. Сизге сайттан онлайн тапшырыкты жол-жоболоштурууңуз жетиштүү болот. Сиздин буюмуңузду Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирип беришет. Жакын жердеги O!Store дүкөнүнөн өзүңүз алып кетүүңүз да каралган. Акыркы жаңылануулар үчүн компаниянын Instagram жана Facebook тармактарындагы расмий баракчаларына катталыңыз да, жаңылыктар жана атайын сунуштар тууралуу биринчилерден болуп кабардар болуңуз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Okgmobile
2018-03-26 11:13:43
Сиз жашаган райондо да түйүндүн 4G(же 3G) ырастоолору же тестирлөөсү жүргүзүлүп жатышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи answer@nurtelecom.kg почтасына билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилди
-1
anonymous
2018-03-26 12:00:28
Акылуу кызматтарды эскертпей кошмой,Тамаша кызматын качан жок кыласынар???
+2
Okgmobile
2018-03-26 12:16:32
Бул кызмат ага Компаниянын кандайдыр бир кызматы бекитилбегенден тышкаркы каалаган буйрутманы терген учурда гана көрсөтүлөт. Эгер Сиз Тамаша кызматын колдонууну каалабасаңыз, Сиз мындай буйрутмаларды тербей койсоңуз эле жетиштүү. Күнүмдүк абоненттик төлөм алынбайт.
0
anonymous
2018-03-26 12:03:11
Вай фай тарат" деген кызматы да бар ошондуктан уй булообуз менен Мегакомго оттук
+2
Okgmobile
2018-03-26 12:18:07
anonymous,
"Интернет тарат" кызматынын максаты – интернет-трафикти адилеттүү колдонуу саясатына ылайык, Компаниянын бардык абоненттери үчүн интернетти максималдуу түрдө жайлуу пайдаланууга берүү болуп саналат. Башкача айтканда, смартфондор үчүн тарифтерди колдонгон абоненттерге дагы, биздин түзүлүштөрдөн пайдалануучуларга дагы интернет менен жайлуу пайдаланууга шарт түзүлөт.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
JaneEr
2018-03-26 16:10:42
Okgmobile,"Интернет таратуу"
кызматы 7 кунго 40 сом.1 жумада 185 сомго
интернетке уланып+40 сомго таратып
кымбат болуп кетет экен.
0
interpol
2018-03-27 08:14:02
Okgmobile,трафикти адилеттүү колдонуу эмес ичи таардык десе жарашчкдай. Мисалы мен келинчегим интернети түгөнүп калса убактылуу ушул жол менен кирип турсак болчу эле
0
Marasul.gulnur
2018-03-26 12:50:29
Мен дагы ошкага тушунбой калам. Бирдик салып эле интернетке киресин. Жуманын аягына жетпей балансты текшерсен сиз -94 сом же -67 сом карызсыз дей берет кыжырды кайнатып. Ошол учун тажап кетем.
+5
Okgmobile
2018-03-26 14:16:57
Marasul.gulnur,
Кутмандуу күнүңүз менен. Сиздин номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Сизге кайра байланышууга чыгып баарын тушундурууго даярбыз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
-1
nurgaz
2018-03-26 16:23:18
Okgmobile, -94 дегени элди алдап тушундурбой эле койгула. Тескерисинче +1сому бар болгон болот. -94, -93 дегенинер магада жакпайт. Силердин жообунарды мен билем. "Сиз карыз эмессиз, дагы 94сом салсаныз иштеп калат" деп, жооп бересинер. Акылдуу боло бербей, минус пинусунады жок кылгыла.
+5
Okgmobile
2018-03-26 18:13:38
nurgaz, Саламатсызбы!
Сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык. Эн жакынкы арада Сиз айтып жаткан текст озгорулот.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
+3
Rokki84
2018-03-26 14:36:15
Биринчи абонентти эмес. Антенналарды кенейтуу керек.каалаган жерде ошка деп сатып журушот. Бирок каалаган жерде ошканы иштете албай жатабыз.
0
Okgmobile
2018-03-26 14:39:43
Rokki84, саламатсызбы.

Сиз кайсы жерде жашайсыз?

Республика боюнча базалык 4G/3G станцияларын куруу жана тейлөөдөгү сапаттуу сервисти камсыздоо – бул биздин компаниянын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Бул багыттагы иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. О! мобилдик операторунун түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу биздин сайттагы https://o.kg/kg/o-kompanii/razvitie-seti-o/ шилтемесинен кабардар боло аласыз.
-1
Toxa_bratan
2018-03-26 21:07:34
Okgmobile,Саламатсызбы лебединовка да эмнеге жакшы иштебейт о симка
+1
Akniet_kg96
2018-03-26 15:49:05
ова чынында интернетин ылдамдыгы ото жай Таласта киче да болсо тартат айылга барсан вообше тарпайт Боо-терек айылында
-1
gulu1991
2018-03-26 16:02:36
Ошто жакшы иштейт Ошка жанагы раздавай интернет дей берет вай вай подключения 40сом дейсинго безлимит 200 сом салам жума сына вай Вайда дагы 40 с подлю
0
a.sheralievic.91
2018-03-26 16:22:32
Исфана шаарындагы дүкөндө эмне үчүн бул акция жарамдуу эмес, сурасаң андай бизде эмес дейт? !
Же жумушчулардын тааныштары эле алабы?
-1
Okgmobile
2018-03-26 18:16:36
a.sheralievic.91, саламатсызбы!

Айтынызчы, ушул 5 акциялардан кайсынысын жонундо деп жатасыз? Тактап алалы.
-1
a.sheralievic.91
2018-03-26 21:40:30
Okgmobile,Телефондорду арзандашы жөнүндө
0
Nurmat92
2018-03-26 18:35:53
Туугандар O! жакпаса билайн же мегакомго откуло да. Чындыгында көбү О! го өткөн анан базалык станциялар куч келип интернет жайлап калат.
+1
anonymous
2018-03-26 19:57:40
Телефонго рут доступ алып маркеттен ttl editor койуп 64 дегенди 65 кыласыңар ва1 фай тарата бересиңер бекер
0
NURSAPAR
2018-03-26 20:27:06
Кимге кандай билбейм биздин айылда башка операторлорго караганда О эң жакшы арзан жана сапаттуу
+1
JaneEr
2018-03-26 20:57:47
Эн арзан иниернет кантсе да О! экен.Мегакомду жана билайнды иштетип акыры Ошкага токтолдук.Ошто жакшы эле иштейт.
0
Toxa_bratan
2018-03-26 21:05:46
ЛЕБЕДИНОВКА да О сим неге жакшы иштебейт
0
anonymous
2018-03-27 01:54:01
Хайп тарифи жакшы экен
-1
Isco23
2018-03-27 08:45:07
Гулчодо да ошондой 4G ьар,бирок интернет Е да)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан