"Таза Ысык-Көл": Ысык-Көлдүн тургундары жана "Кумтөрдүн" элчилери көлдүн жээгинде ишембилик өткөрүштү

Тамга жана Тосор айылдарында жээкти жана жолдун боюндагы тилкени тазалоого 200гө чукул адам чыкты. Кыргыз жеринин "берметин" тазалоо боюнча иштер өкмөт жарыялаган 3 айлыктын алкагында улантылат.

Үйдү ар дайым таза жана жайлуу кылып кармагандай эле мекенге да ушундай мамиле жасоо керектигин премьер-министр өзүнүн мисалында көрсөттү. 17-мартта "Таза жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында ал Ошто Токтогул атындагы сейил багынын аймагында көчөттөрдү отургузган, андан соң бир аптадан кийин Бишкектеги Ботаникалык сейил багында ишембиликке катышкан. Айлананы тазалоо боюнча өкмөттүн демилгеси республиканын булуң-бурчунда кубаныч менен кабыл алынды. Ысык-Көл облусунун тургундары да четте калган жок. Жыл сайын көл жээгинде ишембиликтерди өткөрүүнү жакшы салтка айландырган жергиликтүү бийлик, айыл тургундары жана кумтөрлүктөр аракеттерин бириктирүүнү чечишти. Ошентип, 24-мартта 200гө чукул адам өз ыктыяры менен ишембиликке чыкты. Таштандыларды бөлүп топтоо үчүн полиэтилен баштыктарды жана кол каптарды алып, активисттер Тамга жана Тосор айылдарындагы көл жээгин жана жол боюндагы аймакты таштандыдан тазалашты. Таштанды салынган каптарды адегенде "Кумтөрдүн" Green point долбоорунун негизинде иштеп жаткан кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кабыл алуу түйүндөрүнө жөнөтүштү. Андан соң Бишкектеги таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводго жиберилди. Таштандыларды кайра иштетүүдөн өндүрүлгөн акча ишке жумшалат. "Кумтөр" бул акчага шаймандарды сатып алып, мындан ары акцияларды өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнө өткөрүп берет.

Туризмдин жана жалпы аймактын өнүгүүсү үчүн ишембиликтердин маанилүүлүгүн жергиликтүү тургундар бара-бара түшүнө башташты. Ар акция сайын катышуучулардын саны өсүүдө. Таштандылар толо жерде жашап, "качан Бишкектен же кенден ыктыярчылар келип тазалашат" деп күтүп, эч нерсе кылбай отура берген уят. "Өзүңдөн баштоо керек жана башка бирөөнүн эмгегин баалоо керек", - дешет "Кумтөрдөн" келген уюштуруучулар.

- Былтыр таштандылардан чоң аймакты тазалаганбыз. Эки күндөн кийин ошол эле жол менен кайтып келсек, кайра булганганын көрдүк. Абдан кейидик. Таштандыларды көбүнесе туристтер эмес, жергиликтүү тургундар ташташат. Эгер ар бири мындай акцияларга кеминде бир жолу катышса, жоопкерчилик сезими ойгонот - кийинки жолу бөтөлкөнү челекке жакын жерге ыргытпайт, - дейт "Кумтөр" компаниясынын тоо бөлүмүнүн окутуу боюнча бюронун башчысы Максатбек Кулубаев.

- Жээктеги пикниктен кийин таштандыларды алып кетүү оор деле эмес. Пластиктин жерде чирип жок болушу үчүн 100 жылдан ашык убакыт керек, ал эми биздин балдарыбыз бул жерде дагы жашайт да. Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот, - дейт кендеги коопсуздук кызматынын нөөмөт башчысы Олег Алакионов.

Көлдүн айланасындагы таштанды "шакеги" - Ысык-Көл облусундагы жалгыз көйгөй эмес. Көп жылдар бою тазалоочу курулмалар маселеси чечилбей жатат. Пансионаттардын көбүндө советтик мезгилде салынган курулмалар эскирип, сууну тазалоонун заманбап технологиясынын талаптарына жооп бербейт, айрым үйлөрдө жана калктуу конуштарда алар таптакыр жок.

- Жайы-кышы иштеген "Тамга" аскердик санаторийин казакстандык жана орусиялык спортчулар, жер кезер туристтер жактырышат. Бирок иче турган суунун сапаты боюнча көп нааразычылыктар айтылат, - деп түшүндүрөт Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдөөлөт Усенбаев.

Жергиликтүү бийлик таза суу менен камсыздоо маселесин бир жыл ичинде чечип берүүнү убадалашууда. Ушул аптанын соңунда жалпы баасы 94 миллион сомдун тегерегин түзгөн долбоордун бет ачары өтөт, аны ARIS ишке ашырат. Экинчи чоң маселени чечүүдө "Кумтөр" жардам берет. Компания бөлгөн гранттык каражатка Тамга, Барскоон жана түндүк жээктеги 4 айылда борбордук канализация курулат. Белгилүү болгондой, былтыр күздө Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен бекитилген макулдашууга ылайык, канадалык инвестор Жаратылышты өнүктүрүү фондуна Ысык-Көлдүн акваториясында заманбап тазалоочу курулмаларды куруу жана оңдоо үчүн 50 миллион доллар бөлөт. Бул демилгенин аркасы менен таза суу маселеси түп тамыры менен чечилмекчи.

Жыл сайын жайкы мезгилде Ысык-Көлдө көйгөйлөр курч болуп бара жатат. Эгер эч кандай аракет көрүлбөсө, мындай маданиятсыз мамиле улана берсе, көл таштандыларга толуп кетиши мүмкүн. Ошондо туристтик сезонго элди тартуу жана облусту өнүктүрүү боюнча пландарга чекит койсо болот.

Буга чейин Ысык-Көл табигый "фильтрлери" - саздак жерлер менен өзүн тазалап келген. Бирок бүгүнкү күндө көл колдоого муктаж. Чет жактан жардам өз убагында келгени жакшы болду.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azatbek83
2018-03-26 17:35:53
Азаматтар!!! Пример министирди айтпай эле койгула акылдуу шаарынан кийин көңүлүм түгөнгөн мурун эле ишенбейт болчумун ал балага!
-2
ma2as
2018-03-26 17:38:45
Менимче Кумтордон да кобуроок озубуз коп булгайбыз . Ал жакта болсом мендагы барып тазалашмакмын . Эсимде бир жылы Бостериге барганмын , сусундук коп ичкенге , кечке чеин 4 - 5 жолу бардым даратканага . Ал даратканасыда чеке жагында , болгону бир эки дараткана , эс алган адам коп , ойлойсун кээде калгандары , кобунон жарымы кайда барат деп , мумкун колдун ичнде эле . Биринчиден бекер, кооп жерге , таза Дараткана курса анан кол таза болотко .
+1
jaazira13
2018-03-26 18:32:25
ma2as,туура, андан сырткары пансионаттардын жугундулары колго туз барып куюлат, анан колду сактайлы деп коюшат
+2
pat12
2018-03-27 15:53:17
Эшигин коруп, торуно от. Тазалык - соолук белгиси. Жакында тур сезон башталат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан