"Альянс Алтын" компаниясы айыл тургундарына спорттук майрам тартуулады

22-23-март күндөрү Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын тургундары үчүн “Альянс Алтын” компаниясы “Нооруз” майрамынын урматына спорттун 9 түрү боюнча спорттук мелдештерди өткөрдү. Айыл аймагына караштуу Хан Бүргө, Кеңеш, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарынын тургундары "Альянс Алтын" кубогу үчүн көк бөрү, ат чабыш, кунан чабыш, тай чабыш, кыргыз күрөш, кичи футбол, аялдар жана эркектер арасында волейбол, ардагерлер арасында шахмат оюндары боюнча таймашып, жеңүүчүлөр компаниянын атынан атайын кубок жана акчалай байгелерге ээ болушту.

Көк бөрү оюну боюнча Сасык-Булак айылынын "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Андан соң ат чабыш, кунан чабыш, тай чабышта да Сасык-Булак айылынын күлүктөрү алдыга оозуп чыкты. Кичи футбол оюнунан Кара-Ой айылынын спортчулары, айымдар арасындагы волейбол оюнунан ушул эле Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин мугалимдеринен түзүлгөн команда, эркектер арасындагы волейбол оюнунан айыл өкмөттүн ардагер спортчулары алдыңкылардан болушуп, бардык жеңүүчүлөр "Альянс Алтын" компаниясынын атайын кубокторун, акчалай байгелерин жеңип алышты.

Ушундай эле спорттук майрам Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында дагы уюштурулуп, ордо, волейбол боюнча мелдеште жеңишке жетишкен спортчулар "Альянс Алтындын" акчалай сыйлыктарына ээ болушту.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zainidin96
2018-03-26 19:24:56
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан