Жаздын дагы бир символу - канаттуулардын сайраганы. Жашылданып, жанданган жаратылышка алардын сайраган үнү, учуп жүргөнү көрктүүлүк, сулуулук кошот.
Ал эми канаттууларды изилдеген илим - орнитология деп аталат. Кыргыз жеринде канаттуулардын 360тан ашык түрү бар жана алардын ар биринин түзүлүшү, жашоосу өзүнчө бир кызык дүйнө. Канаттуулар ааламына кызыксаңыз билгениңизди тесттен сынаңыз.