"О!Кино" угуусу жана көрүүсү начар адамдарга жеткиликтүү

"О!Кино" кызматы менен көрүүсү жана угуусу начар адамдар фильмдерди "көрө алышат".

Миңдеген фильмдердин жана көрсөтүүлөрдүн ичинен начар уккан телекөрүүчүлөр үчүн сурдо котормо (жаңсоо котормосу) менен, ал эми начар көргөн адамдарга тифлокомментарийлер менен (фильмдердин визуалдык образдарын сөз менен баяндоо), башкача айтканда, видеокатарды кадрдын аркасында баяндоо менен ыңгайлаштырылган фильмдерди жана көрсөтүүлөрдү тапса болот. Тифлокомментарийлер экранда болуп жаткандарды максималдуу түрдө ачып берүү үчүн атайын белгиленген эрежелердин негизинде түзүлөт да, кесипкөй диктор тарабынан ойноп жаткан адамдардын диалогдорунун ортосундагы паузаларды сактоо менен коштолот. Алардын баары ар кимдин өзүнө керектүүсүн таап алуусун жеңилдетүүчү бири-биринен айырмалуу түшүндүрмөлөр менен белгиленген.

"Бүгүн интернетте видео жана графикалык контент басымдуулук кылат. Анын мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга бара-бара жеткиликтүү болуп жаткандыгы абдан маанилүү. Көрүүсү жана угуусунан кыйынчылык тарткандарга фильмдерди максималдуу жайлуу көрүү кызматын көрсөтүп жатканыбызга кубанычтабыз", — дейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

"О!Кино" кызматынын фильмдеринин каталогуна 40 миңге чейин кинофильмдер кирет: булар акыркы жылдардын кинотасмалары, престиждүү сыйлыктардын лауреаттары, бүйүр кызыткан экшн-блокбастерлер, мульфильмдер, сериалдар. Мультфильмдердин арасында советтик мультфильмдер жана чет мамлекеттик жаңылыктар да орун алган. Каталог менен издөө абдан оңой: жанрлары боюнча кино таап, анын рейтинги кандай экенин көрүп, кыскача аннотациясын окуса болот.

"О!Кино" кызматын кошуңуз жана сыналгы көрүүдөн ырахат алыңыз:

  • Сүйүктүү фильмдериңизди мыкты сапатта жана жарнамасыз көрүңүз;
  • Смартфондо жана планшетте;
  • О! абоненттери үчүн акысыз мобилдик трафик менен.

iOS же Android үчүн кошумча барагындагы O!TV тиркемесинен "О!Кино" менен бирге фильмдерди көрүүгө болот. Тиркемени дал азыр жаңылаңыз же жүктөңүз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан