MegaCom: Бишкек шаарында жаз жарчысы болгон веложүрүш-2018 башталмакчы

MegaCom велоспортту сүйүүчүлөрдү кезектеги веложүрүшкө катышууга чакырат! Веложүрүш-2018 расмий түрдө 1-апрелде башталат. Темир тулпарларды жүрүшкө даярдап же болбосо убактылуу колдонуу үчүн ээлеп коюуга мезгил жетти.

Бишкек шаарында веложүрүш өткөрүү салтка айланып калгандай, тактап айтканда, мындай иш-чаранын өткөрүлүп келе жаткандыгына быйыл 12 жылдын жүзү болот. Велоспорт коомчулук арасында кеңири кулач жайып, катышуучулардын саны жылдан-жылга арбыгандыгы байкалат. Маселен, 2014-жылы 200дөн ашыгыраак, 2016-жылы 1000ден ашык, ал эми 2017-жылы 2000 чамалуу адам чогулган. MegaCom төртүнчү жыл катары менен бул спорттук иш-чарага башкы өнөктөш болуп келүүдө.

Белгиленген күнү MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган шаарыбыздын тургундарынан жана меймандарынан турган велосипедчендер тобу шаарыбыздын борбордук көчөлөрү аркылуу өтмөкчү.

Жыйналуучу дарек: Революциянын каармандарына монумент (Уркуя Салиеванын эстелиги) Чүй кең көчөсү жана Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилиши. Убактысы: саат 9:00. Веложүрүш Чүй-Манас кең көчөсү – Бөкөнбаев - Байтик Баатыр (Совет) көчөсү - Жеңиш паркы маршруту боюнча жолун улайт. Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы жана "Tour-Bikers" Велоспорт жана велотуризм федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт. Катышуучулардын бардыгына компаниянын фирмалык футболкалары тартууланат.

Жеңиш паркындагы марага жеткенде, катышуучуларды кызыктуу тамашалар жана шайыр сынактар күтөт. Сынактарга катышып мобилдик оператордон фирмалык белектерди утуп алууга да болот. Сейил бакта бир аз тыныгып алган велосипедчендер Орто-Сай айылына карай багыт алып, ал жерде уюлдук оператордун дасторконунан даам сызышмакчы.

Веложүрүшкө катышууну кааласаңыз, бузугу жок велосипедиңиздин болгондугу жана жолдо жүрүүнүн эң жөнөкөй эрежелерин билгендигиңиз жетиштүү.

Компания коомчулукту спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоого үндөп келет. Дем алыш күндөрүңүздү MegaCom менен бирге өткөрүңүз, Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчабыз аркылуу иш-чарадан кабардар болуңуз!

MegaCom - спорт жана сергек жашоо үчүн!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KyrgyzstanBishkek
2018-03-30 22:40:32
Жакшы ийгилик эгер патриот болсок Мегаком колдонушубуз керек,ошондо акча озубуздо калат.Бирок менда Билайн колдоном.
0
Kalmurzaev8900
2018-03-30 22:48:16
Мен дагы катышсам жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан