"Бакай Банк" стартап долбоорлорго 10 миллион сом бөлөт

"Бакай Банк" бизнес-стартап долбоорлорду күрөөсүз, жылдык 2 пайыз алдында кредиттөөгө 10 миллион сом бөлөт.

“Бакай Банк” башкармасынын төрагасы Аалы Уманкулов менен “Кыргызстанга инвестиция жумшайм” коомдук бирикмесинин төрагасы Алмазбек Сүйүнбеков бул багытта кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумга 16-март күнү кол коюшту.

Банк башкармасынын төрагасы Аалы Уманкулов, өлкөдө бизнести өнүктүрүү жана экономикага өбөлгө түзүү үчүн ыңгайлуу шарттар каралган ушул меморандумдун алкагында “Кыргызстанга инвестиция жумшайм” долбоору ишке ашырыла тургандыгын баса белгиледи. Бизнес идеяларын ишке ашырууда жаш ишкерлерге жакындан жардам берүү аталган долбоордун максатынан болуп саналат.

"Бакай Банк" стартап долбоорлорду тандоого түздөн-түз катышат. Мындан тышкары, жалпы фонду 10 миллион сомду түзгөн “Кыргызстанга инвестиция жумшайм” долбоорунун жеңүүчүлөрүнө 3 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 2 пайыз алдында коммерциялык күрөөсүз насыяларды сунуштоо мүмкүнчүлүгүн караштырат”, - деп аталган банк башкармасынын төрагасы Аалы Уманкулов маалымдады.

Ушуну менен бирге эле ал, күрөөсүз негизде жылдык 2 пайыз алдында кредиттерди берүү банктын негизги иши эмес экендигин жана ыңгайлуу бул шарт жогоруда белгиленген долбоордун финалисттери үчүн гана каралгандыгын баса белгиледи.

"Кыргызстанга инвестиция жумшайм" долбоору 2016-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Ал жыйырмадан ашуун стартап долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышына өбөлгө түздү. Коомдук ишмер Чыңгыз Макешов долбоордун автору болуп саналат. Калайык-калк ичинде кеңири жайылтылып, иш ийгилиги артып жаткандыгынан улам долбоор коомдук бирикмеге айланып, Алмазбек Сүйүнбеков анын төрагасы болуп шайланган.

Алмазбек Сүйүнбековдун пикири боюнча, “Кыргызстанга инвестиция жумшайм” долбоору чакан жана орто бизнести колдоого алып, өнүктүрүүнү, калайык-калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну көздөйт. Ушул максатта ар кандай тренингдер өткөрүлүп, бизнести натыйжалуу жөнгө салуу боюнча кеп-кеңештер берилип, ментордук колдоолор сунушталып, бизнестин калыптануу процессинде зарыл болгон башка колдоолор да көрсөтүлөт.

"Долбоордун алкагында бизнести колдоо жана каржылоо үчүн стартаптар тандалып алынат. Мында бир долбоордун суммасы 500 миң сомдон ашпайт жана ал 3 жылга чейинки мөөнөткө күрөөсүз сунушталууга тийиш", - деп белгиледи коомдук бирикменин төрагасы Алмазбек Сүйүнбеков.

***

"Бакай Банк" 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын жашоочуларына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштап жатат. Учурда банктын 70тен ашуун аманат кассасы жана филиалдары өлкөнүн бардык региондорунда ыңгайлуу жана алда-канча сапаттуу тейлөөнү камсыз кылып келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан