О! Мобилдик оператору өз түйүнүнүн өткөрмөлүүлүк жөндөмүн бир кыйла жакшыртты
О! Мобилдик оператору республиканын шаарларында жана айылдарында түйүндү кеңейтүү боюнча динамикалуу иштерин жүргүзүүнү улантууда. Жакында республика боюнча 4G жана 3G байланыш стандарттарын өнүктүрүүгө багытталган эки жүздөн ашуун базалык станциялар иштей баштады.
Файлдарды дароо жүктөө, жогорку сапаттагы видеолор, онлайн-оюндар, фильмдер жана ТВ, музыка жана башка мультимедиалык сервистер – мунун баары төмөнкү калк жашаган пункттарынын тургундарына жеткиликтүү болуп калды:
Жалал-Абад облусу – Жалал-Абад шаарында, Достук, Ала-Бука, Массы, Сузак айылдарында;
Ош облусу – Ош, Өзгөн, Ноокат, Араван шаарларында, Чек-Абад (Кочубаев а.), Агроном, Пахтачы, Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Шарк, ВЛКСМ айылдарында;
Баткен облусу – Айдаркен, Исфана шаарларында, Жаңы-Коргон, Гагарин айылдарында.
Мындан тышкары, өз мобилдик телефонунун экранынан жогорку сапаттагы видеолорду, ТВ көрүүнү жана сапаттуу мобилдик байланыш менен колдонууну камсыз кылуучу мобилдик байланыштын технологиясынын каптоо жана 3G үчүнчү муун маалыматтарды берүү аймагы кеңейди. Техникалык бригадалар жабдууларды ишке киргизүү жана жөндөө боюнча масштабдуу иштерди аткарышты, натыйжада, каптоо аймагы менен түйүндүн сыйымдуулугун бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүн болду. Кээ бир айылдардын тургундарынын кубанычына, ал жерде биринчи жолу О! Мобилдик операторунун көптөн күттүргөн байланышы пайда болду. Бул пайдалуу жана ыңгайлуу «О!го которул + TV» тарифтеринин бардык мүмкүнчүлүктөрү аларга жеткиликтүү дегенди билдирет.
О! Мобилдик операторунун заманбап түйүнү күн өткөн сайын кеңейип бара жатат. Отчеттук учурдун ичинде Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын кайсы шаарларында жана айылдарында кошумча базалык станциялардын орнотулгандыгы тууралуу биздин кийинки материалдан окуңуздар.
Түйүндүн толук камтуу аймагын картадан көрсө болот.