29-март күнү Бишкекте "Газпромнефть" компаниясынын кызматкерлери күттүрбөй келген кырсыкты тез арада жоюп, кырдаалдан оңой чыгып кетишти.
Тактап айтканда, аталган компаниянын Чүй кең көчөсү менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайына Ауди үлгүсүндөгү автоунаа келип токтогон. Унаанын ээси май куюп бүткөн соң, машинасын көздөй бет алган. Бирок унаанын эшигин ачканда, салондон түтүн чыгып, чоң өрткө айлануу коркунучу турганын көрөт. Бул учурда компаниянын кызматкерлери дароо жардамга келишкен. Алар убакытты уттурбастан жаңыдан башталып жаткан өрттү өчүрүп, машинаны коопсуз жайга алып чыгышкан. Бактыга жараша, кырдаалдан эч ким жабыр тарткан эмес.