Талас. Кышка карата электр линиялары жана подстанциялар оңдоодон өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын ичинде “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Таластагы филиалы тарабынан 10 кВ жогорку чыңалуудагы жана 04 кВ орто чыңалуудагы линияларды жана трансформатордук подстанцияларды реконструкциялоо, оңдоо иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 48,1 миллион сомдук оңдоо иштери аткарылды. Анын ичинен техникалык тейлөө иштерине 25,6 миллион сом жумшалган. Белгилей кетүүчү нерсе, облуста калк арасында жана мекеме-ишканалардын ортосунда түшүндүрүү иштери жакшы жолго коюлгандыктан, электр энергияга болгон дебитордук карыз жыл башынан бери 12,3 миллион сомго азайган. Ал эми бюджеттик карыз 10,8 миллион сомго, калктын карызы 1,5 миллион сомго төмөндөгөн.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан