Америкалык жаран ачуу калемпир жеп бир өлүмдөн калды

АКШда ачуу калемпир жеген боюнча сынактын катышуучусу ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя Нью-Йорк шаарында болгону айтылат маалыматта. Анда 34 жаштагы мырза каролин орогу деген аталыштагы калемпирдин түрүн жеген. Аталган калемпир "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң ачуу калемпир катары катталган. Сынактан бир нече күн өткөндөн кийин катышуучу мырзанын башы катуу ооруп, ооруканага түшкөн. Компьютердик томография анын мээсиндеги бир нече кан тамырлар кичирейип кеткенин көрсөткөн. Дарыгерлердин айтымында, калемпир жеген мырза ооруканага өз убагында кайрылбаганда башына кан куюлуп, окуя өлүм менен коштолмок.

Айта кетсек, каролин орогу калемпири аябай ачуу болгондуктан аны адамдар атайын кол кап кийип кармашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
datkayimjan
2018-04-11 10:54:09
Зарыл экен да ээ
+4
Sagidko88
2018-04-11 16:07:42
жиним келет ушинтип жегендерге. зарылбы жаныны кыйнап жеп. миллион берсе да жемек эмесмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан