Балдар акча тууралуу ой бөлүшөт: "Бакай Банкы" Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын балдар менен белгиледи

"Бакай Банкы" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 12-мартта жарыялаган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына арналган сынактар жыйынтыгын чыгарды. Ушул иш-чаранын алкагында "Бакай Банкы" калктын, анын ичинде жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында 7 жашка чейинки балдарга "Акча деген эмне? Акча кайдан келип чыгат? Акча эмне үчүн керек?" деген суроолорду берип, аларга видео-жоопторду алды.

Сынакка 28ден ашуун бала катышып, акчанын келип чыгыш тарыхы жана алар эмнеге багытталары тууралуу ой бөлүшкөн. Болгону 3 жаштагы, өзүн Алан-Молния-Маккуин-Робот деп атаган Алан Сейитов сынактын жеңүүчүсү катары таанылган. Алан үчүн акча сыйкырдуу кагаз. Анын ою боюнча акчаны атасы көп иштеп жумуштан алып келет. Акчаны ал памперске, кийим-кече жана карындашы үчүн вафли сатып алууга жумшайт. Ошентип Алан баштапкы капиталы менен “Балдар үчүн” депозитин ачуу үчүн сертификатка ээ болуп, ата-энеси ал үчүн алгачкы финансылык мүмкүнчүлүктүн пайдубалын түптөөгө жетишкен.

Ал эми 5 жаштагы Карим акча темир жана кагаздан жасаларын билет жана аларды чипсы, бал муздак, банан сатып алууга жумшайт. 4 жаштагы Луиза үчүн акча – бул сары, жашыл жана кызыл түстөгү монета жана кагаз жүзүндөгү акча. Анын ою боюнча ата-энесине акчаны жумушта бирге иштегендери берет.

Каныкей болгону 5 жашта, ал акча чыгаруунун бүтүндөй системин билет. Анын оюнда акча банктан жана лабораториялардан чыгарылат. Сабина да 5 жашта, ал акчаны атам жумушта чыгарат деп ойлойт. Атасы берген акчага ал каалаган нерсесин сатып алат.

6 жаштагы Каныкей валюта тууралуу ой бөлүшүп, эң башкысы көп акча табуу үчүн көбүрөөк иштөө талап кылынаарын айтып берген. 5 жаштагы Диана менен 3 жаштагы Айэлина акча тууралуу кызыктуу ыр саптарын айтышып, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүшкөн.

Балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу менен сынакты уюштуруучулар балдар эмитен эле акча кайдан алынаарын, эмнеге жумшаларын, көп акча табуу үчүн көбүрөөк жана жакшы иштөө зарылдыгын биле тургандыгына толук ынанышты.

"Бакай Банк" Бүткүл дүйнө боюнча өткөрүлүп жаткан акча жумалыгына арналган иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылыгын билдирүү менен аларга бекем ден-соолук, бакубат турмуш жана финансылык туруктууулукту каалайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан