Сизге шашылыш түрдө акча керек болуп калды. Насыя алууну ойлонуп, документтериңизди көтөрүп барып кезек күтүп, күнүңүз өткөн учур болгон чыгар. Мындан тышкары көптөгөн документтерди даярдоо эң аз дегенде 1 аптадан ашык убакытты алат.
Мына ушундай абалды эске алып, жарандардын убактысын үнөмдөп, түйшүгүн азайткан "Элфинанс" чакан насыя берүүчү компаниясы кызмат көрсөтө баштады. Эми насыя алууну каалагандар аталган компанияга WhatsApp аркылуу эле керектүү документтерди сүрөткө тартып жөнөтө алышат.
"Эң башкысы биз сапаттуу тейлөө көрсөтүүнү максат кылдык. Үстөк пайызы да салыштырмалуу аз. Кардарларды кыйнабай, 1 күндүн ичинде насыя берүү каралган. Бул үчүн бизге тажрыйбалуу кызматкерлер алынган деди", - компаниянын директору Бакыт Ибраев.
"Элфинанс" ушул жылдын 2-февралында биринчи керектөөчүгө насыя берген. Аз убакыт болгонуна карабастан компаниянын ыкчам иштегендигине ыраазы болгондор көп.
"Унаамды оңдотуу үчүн шашылыш акча керек болуп калды. Тааныштарымдын биринен "Элфинанстан" 1 күндүн ичинде насыя алганын уккан элем. Бул компанияга байланышарым менен керектүү документтердин сүрөтүн WhatsApp аркылуу жөнөтүүнү айтышты. 2 сааттан кийин эле адистер келип, документтерди толтурдук. Түштөн кийин колума акча тийди. Мен насыяны мынчалык тез убакытта алам деп күткөн эмесмин. Ар кандай аныктамаларды топтоо деген түйшүк жок экен", - деген Канат аттуу кардар.
"Элфинанстан" насыя алуу үчүн керектелүүчү документтер:
* Алуучунун паспорту, кепил болуучунун паспорту
* Жашаган жеринен маалымкат
* Алуучунун киреше булагын көрсөткөн документтер
Жеке адам ала турган болсо: иштеген жеринен акыркы 6 айлык маянасын көрсөткөн аныктама;
Жеке ишкер ала турган болсо: ишканасынын каттоодон өткөндүгү боюнча аныктамасынын, патентинин көчүрмөсү.
"Биздин кызмат көрсөтүүбүздүн дагы бир артыкчылыгы - 30 миң сомго чейинки насыялар кепил болуучу адамдарсыз эле берилет. Насыя төлөөнүн мөөнөтү 2 айдан 18 айга чейин. Ал эми төлөө - электрондук капчык аркылуу да жүргүзүлөт, бул да жарандардын убактысын үнөмдөйт", - деди директор Ибраев.
Онлайн-билдирүүлөр 0551 551 027, 0704 37 97 98 номерлери аркылуу кабыл алынат.