"Бакай Банк" Бакай Элсом мобилдик тиркемесин жөнгө салды

"Бакай Банк" ААКсы төлөмдөрдү жана акчалай которууларды дароо ишке ашырууга өбөлгө түзгөн Бакай Элсом мобилдик тиркемесин колдонууга киргизди.

"Бир нече жыл мурда банк Элсом электрондук капчыгын өнүктүрүү меморандумуна кол койгон эле. Андан кийин биз электрондук акча эмиссиясын ишке ашыруу үчүн Улуттук банктан лицензия алуу жагында иш алып барып, 2017-жылы финансылык жөнгө салуучудан бул иш багыты үчүн уруксат алдык. Ошентип, банктын электрондук капчыгын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү кийинки кадамдан болду. Натыйжада Бакай Элсом эл кызматына сунушталды", - деп белгилейт "Бакай Банк" ААКсынын Төлөм системинин башкармалыгынын Электрондук коммерция бөлүмүнүн жетекчиси Дилгер Койлубаев.

Жаңы мобилдик тиркеме 2018-жылдын 26-мартында колдонууга берилген. Бүгүнкү күндө андроид базасында иштеген мобилдик жабдууга ээ болгондордун бардыгы Play Market`тен жүктөп ала алат. Капчыктын кызмат көрсөтүүсү кыргыз, орус жана англис тилинде сунушталат. Тиркемени пайдалануу үчүн телефон номерин каттоодон өткөртүп, жеке маалыматтарды (аты-жөнүн) жана электрондук почта дарегин маалымдоо гана жетиштүү.

Бакай Элсом тиркемесинде 24 саат жана жуманын 7 күнү ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдөн тартып, Элсом системине туташкан дүкөндөрдөн керектүү буюм затты сатып алууну кошо алганда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагы боюнча сунушталып жаткан тейлөө кызматтары жана товарлары үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү каралгандыгын банктын эксперти кошумчалап өттү.

Мындан тышкары, жакынкы убакытта Бакай Элсом тиркемеси аркылуу насыя төлөп, депозитти же эсептешүү эсебин толуктоо ыңгайы да жөнгө салынат. Жогоруда белгиленип кеткендей эле, бул кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу үчүн банктын кайсы бөлүмүнө болбосун келип, тастыктоо жол-жобосунан өтүү зарыл.

Тиркеме төмөнкүдөй бир катар артыкчылыктарга ээ:

  • Мобилдик тиркеме аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууда комиссиялык төлөм кармалбайт;
  • Банктын бөлүмдөрүндө жана өнөктөш банктарда Бакай Элсом капчыгынын балансынан нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм алынып жаткан сумманын болгону 0,2% түзөт;
  • Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча акча которуулар, телефон балансын толуктоо же сатып алгандар үчүн төлөө сыяктуу эле, дароо ишке ашырылат;
  • QR-кодду көчүрмөлөп алуу аркылуу, тиркеменин жардамы менен товар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө да жол берилет.

Сунушталып жаткан бул ыңгайлуулуктун бардык мүмкүнчүлүгү тууралуу ырааттуу маалыматты 6111 кыска номерине чалып алууга болот.

"Бакай Банк" ААКсы 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз калкына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун сунуштап келет. Учурда банктын 70тен ашуун аманат кассасы жана филиалдар түйүнү өлкөнүн бардык регионунда тез жана ыңгайлуу кызматын сунуштап жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
O.dembele
2018-04-12 18:05:06
Qiwi кешелеко акча сала турган программа барбы Кыргызстанда
-1
Tonita
2018-04-12 22:31:27
O.dembele,Кыргызстанда жок ,walletone деген кошелектон которсонуз болот, же Казахстанга отуп терминалдан толтуруп келсениз болот
+1
Drift
2018-04-13 07:20:27
O.dembele,ооба бар терминалдан
салсаныз болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан