MegaCom: Колдонуучулар "Хайп" тарифи жөнүндө

Мындан бир аз убакыт мурда эле MegaCom "Хайп" тарифтик планын сунуштады. Бул сөздү "ажиотаж" же "бир нерсеге көңүл бурдуруу үчүн толкундануу" деп түшүнсөк болот. Атына заты ылайык келген бул тариф абоненттердин арасында болуп көрбөгөндөй кызыгууну жараткандыгы анык. Көптөгөн абоненттер "Хайп" тарифине өтө башташты. Сөзүбүз кургак болбош үчүн, бул жаңы сунуштун артыкчылыктуу жактары тууралуу колдонуучулардын өз оозунан укканыбыз туура болор. Анда эмесе, дал ушул кызмат жөнүндө кеп учугун улайлы.

"Мени ыңгайлуу төлөм үчүн чексиз мобилдик интернеттин эбегейсиз көлөмү сунушталган жарнама кызыктырды. Мен жаңы 755 коду менен мегаком номурун сатып алдым. S топтому көңүлүмө төп келди. Айына болгону 250 сом үчүн 20 ГБ мобилдик интернет, түйүн ичинде баарлашууга акысыз мүнөттөр жана SMSтер. Бардыгы мен ойлогондой болду. Бардыгына – социалдык тармактарга, мессенжерлерге, видео көрүүгө жетет", – деген таасирлери менен борбор шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринин студенти Айдар Султанбеков бөлүшө кетти.

"Мага жаңы "Хайп" тарифинде сарпталбаган гигабайттардын күйүп кетпестен, кийинки айга которулуп калгандыгы жакты. Дагы бир артыкчылыгы – бөгөттөө функциясы. Анын жардамы менен интернет-трафиктен ашыкча колдонуп алам деп кам санабай деле койсоңуз болот. Төлөм формасы ай сайын, бул мен үчүн ыңгайлуу", - дейт Евгения Мельникова, үй кожойкеси.

"Мен M топтомун тандадым – бул 50 ГБ, түйүн ичиндеги акысыз чалуулар жана SMSтер, жана да "Одноклассники" сүйүктүү сайтыма акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү. Алар менен баарлашам, видео көрөм, музыка угам жана акыркы жаңылыктардан кабардар болом. Мунун бардыгы айына болгону 400 сом үчүн. Бул тарифти өзүм үчүн мыкты табылга деп эсептейм", - деди сатуучу Алтынай Дононбекова өз сөзүндө.

"Ийгиликтүү ишкердик жүргүзүү үчүн суткасына 24 саат бою колдонууга мүмкүн болгон жогорку ылдамдыктагы интернет керек. Өнөктөштөрүм жана кесиптештерим менен ар дайым байланышта болуп туруу мен үчүн маанилүү. "Хайп" тарифи мен үчүн мыкты чечим, тактап айтканда, эбегейсиз 100 ГБ көлөмү, түйүн ичиндеги акысыз чалуулары жана SMSтери менен L топтому", — деген ойлорун жеке ишкер Эдиль Хасанов айта кетти.

"Хайп" тарифин колдонгондор тарабынан социалдык тармактарга калтырылган пикирлер:

Евгений Карпенко: "Мен айына 400 сом төлөнө турган топтомун алдым. Нааразы эмесмин. Түйүн ичиндеги акысыз чалуулар жана SMSтер, интернет чектелгени менен, 50 ГБ жетиштүү".

Erik Orosulbaev: "Хайп" – айына 600 сом, класс!"

Aslan Kerimbekov: "Хайп" тарифине өтүп ал, бардыгы ойдогудай. Кечээ Мегакомго которулуп, ырахат алып жатам".

Mudaris Ibragimov: "Ар дайым мыкты кызматтар жана тарифтер, ыракмат, ушунуңардан жазбагыла".

"Хайп" тарифин кошуу, анын шарттары тууралуу толук маалыматты компаниянын megacom.kg сайтынан көрүүгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
manaas
2018-04-13 16:55:49
Эми баары Мегакомго ототко арзан экен
+5
Elaman180993
2018-04-13 17:12:16
Жомокко 1 айга 100гб жетчубеле
-5
bakytkg007
2018-04-14 08:29:21
Ушунча жыл которгон номеримди ыргытып 755 алыш кыйынго эски номерлерди да ошол тарифке ототурган кылсанар жакшы болмок ар тариф чыкса эле номер алмаштыра берсек болмок беле?
+2
Aydarov.0607
2018-04-14 09:09:12
Мен 250 сомдукка отком бирок интернет ото слабый. Иштете албадын. Анан кайра элдик 90 сим картама оттум кайран 250 сом кайран 30 сом сим картаны сатып алган.
+3
mentol
2018-04-14 12:30:31
Кайф или кайп деген турбайбы))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан