Бир гана күн – O!Store дүкөндөрүндө фирмалык смартфондорго супер арзандатуулар

О! Мобилдик оператору өз кардарларын кубантуусун улантат жана сатуулардын ХИТине айланган эки смартфонго атайын АКЦИЯ уюштуруп жатат. Бир гана күн, 15-апрелде бардык O!Store дүкөндөрүндө популярдуу O!Phone смартфондорун 1000 сомго чейин арзандатуу менен сатып алууга болот!

O!Phone 4G PRO – бул стилдүү смартфон эң жаңы Android 7.0 Nougat операциондук тутум менен иштейт, төрт ядролуу процессору бар, 1 ГБ оперативдик эс-тутумга ээ жана 4G түйүнүндө иштөөнү кармайт. 5 дюйм диагоналы бар экраны менен айырмаланат, түстөрдү сапаттуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык тармактардагы тасмаларды, YouTube каналындагы видеолорду жайлуу көрүүгө, интернетке сүңгүп кирүүгө болот. Аппарат эки SIM-карта менен иштейт. Тиркемелерди, фото, видео же музыканы сактоо үчүн 8 ГБ бөлүнгөн. Бул мейкиндикти 128 ГБ чейин кеңейтүү үчүн MicroSD форматындагы эс-тутум картасын орнотуу жетиштүү болот. Смартфондо 2400 мАч сыйымдуулуктагы жакшы аккумулятор турат. Сүрөт тартуу үчүн смартфондун 8 Мп негизги камерасы бар. Видеобаарлашуулар жана селфи үчүн камера да кубаныч тартуулайт, анткени анын да уруксаты 8 Мп! Анын баасы – 6490 сомдун ордуна болгону 5490 сом!

O!Phone 3G – 3G түйүнүн кармаган ишенимдүү смартфон. Аны смартфондор дүйнөсү менен тааныша электер, баскычтуу телефондорго альтернатива катары тандай алышат. Телефон Android операциондук тутумдун базасында төрт ядролуу процессор менен иштейт жана чет мамлекеттеги жакындары менен заманбап дүйнөнүн тиркемелерин: Skype, WhatsApp жана Viber, Instagram, Facebook же Одноклассники колдонуп сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Смартфондун баасы – 2990 сомдун ордуна болгону 2590 сом!

Бул смартфондорду сатып алган учурда ар бир кардар 1 жылдык мөөнөткө расмий сапат кепилдигине жана адистердин кесипкөй консультациясына ээ болушат.

Муну менен бүткөн жок! Бул смартфондорду сатып алган бардык кардарларга каржылык БОНУС берилет – тандап алган моделге жараша балансына +200 же +300 сом. Мында « О!го которул» тарифтеринин чегинде кызматтардын топтомун өзүңүз тандай аласыз. Булар О! түйүнүнүн ичиндеги чексиз интернет, түйүн ичинде жана тышкары акысыз чалууларды камтыган смартфондор үчүн эң мыкты тарифтер.

Мындай шанс абдан сейрек кездешет – сатып алууда үнөмдөө жана баланска БОНУС менен жагымдуу баадагы смартфонду сатып алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиздер. Каалаган смартфонду байланыш кызматтарына 50%га чейин арзандатуулар менен насыяга жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн да унутпаңыздар. 15-апрель күнү акция менен смартфондорду онлайн да сатып алсаңыздар болот, болгону 0705 007 000 телефон номерине же ➡ ostore.kg сайтынан тапшырык кыласыздар.

Көңүл бургула! Смартфондордун саны чектелүү, ошондуктан керектүү моделдин бар экендигин жакын арадагы O!Store дүкөнүнөн 0705 007 000 телефон номери аркылуу тактап алууңуздарды сунуштайбыз.

Сиздерди жалпы өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнөн күтөбүз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eli.91
2018-04-13 22:18:43
50%арзандатуу дейсинерда анчалык Ардан дать ай сынам,аны кантип тушундуросунор?2990сом болгондо 50%болгондо 1990 сом болот эле.
+1
Okgmobile
2018-04-18 09:30:19
Eli.91,
саламатсызбы. Бул байланыш кызматтарына - «О!го которул» деген тарифтерине 50%га чейин арзандатуу. Мисалы, абоненттик толому 95 сом болсо, 47,5 толойсуз. Смартфондорго болсо 1000 сомго чейин арзандатуу болчу.

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
0
Eli.91
2018-04-13 22:23:07
Каяктагы жазуу чыгып кеткен,арзандатуу дедим эле.
+1
Kalmurzaev8900
2018-04-13 22:35:34
2590 баадагы турган смартфон андроед 6 бы
0
tyrgon
2018-04-13 23:23:59
кечинде сатып алабызбы?
0
traveler
2018-04-14 01:10:38
Бул смартфондорго только О симкартасы гана түшөбү же башка операторлордун симкартасын салып иштетсе болобу мисалы Билайн?
+2
Batma08
2018-04-15 09:38:13
traveler,бири 0 болсо бирине башка салсанарда болобере
+1
USSR
2018-04-16 06:32:56
Болбогон телефон. Андан көрө ушул акчага Redmi 5a алсаң утасың.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан