"Сирия согушсуз келечекке мүмкүнчүлүк алганда анын борбор калаасына сокку урулду". Мындай пикирин бүгүн, 14-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Анын ою боюнча, Сирияга каршы соккунун артында дүйнөдө моралдык лидерликти эңсеп жаткандар турат. "Башында сирия элин "Араб жазы" менен сынашты, кийин ИГИЛ менен, эми америкалык акылдуу ракеталар менен сынашууда. Террордук баскынчылык менен көп жылдар бою күрөшүп келген көз карандысыз мамлекеттин борбор калаасына сокку урулду", - деди Захарова.
Айта кетсек, бүгүн, 14-апрелде АКШ, Улуу Британия жана Франция "Сириянын өкмөтү химиялык куралды колдонууда" деп сокку уруу боюнча операцияны башташты. Сирия химиялык курал колдонбогонун айтууда.