Көптөгөн Кыргыз жарандарынын ажырагыс бөлүгү болгон компания катары, О! Мобилдик оператору жарандардын коомдук жашоосуна да активдүү катышууну маанилүү деп эсептейт. Компания “Гүлдөй бер, менин шаарым” атайын акциясын уюштуруу менен республиканын шаарларын жана калк жашаган аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Таза жашоо" улуттук кампаниясына кошулду. Жашылдандыруу объектиси катары топурагынын таштуу болгондугуна байланыштуу эч нерсе өспөгөн №72-мектеп-гимназиясы тандап алынды.
О! Мобилдик операторунун кызматкерлеринин биримдиктүү командасы менен ишке кириштик. Болгону бир нече сааттан кийин жаш көчөттөрдү отургузуу жана сугаруу иштери аткарылды. Эмдиги жылы эле өзүнүн кызгылт түстөрү менен жемиш бактары жана декоративдик бактар мектеп-гимназиянын тарбиялануучуларын, меймандарын кубантары бышык. Алар: өрүк, шабдалы, павлония, кызгылт сирень, луизеания, ошондой эле жалбырактуу клен багы. Көчөттөрдү отургузуудан тышкары, сугаруунун заманбап тутуму киргизилди – тамчылатып сугаруу менен мектептин короосу убакыт өткөндөн кийин гүлдөгөн бакка айланат.
"4 жылдан кийин бул жер кооз бакка айланат, бүгүн эле биздин мектепте чоң майрам болду! Биз биригип пайдалуу жакшы ишти аткарып жатабыз, биздин балдар ушул бактар менен бирге өсүшөт. О! компаниясына тез жооп бергендиктери, ылдам чогула калгандыктары үчүн рахмат. Көчөттөрдү табышып, сатып алышты, отургузуунун планын иштеп чыгышты, тамчылатып сугарууну уюштурушту. Сиздердин бардык кызматкерлериңиздерге ийгилик жана өркүндөп өсүүнү, ал эми силерге балдар көбүрөөк мыкты бааларды каалайм!" - деп мектеп-гимназиянын директору Дамира Назаркулова чогулгандарды тосуп алды.
Ишембиликке жогорку класстын окуучулары да катышты. Алар үчүн бул күн көчөттөрдү отургузуу, жер семирткичтер жана топурак менен иштөөнүн мастер-классы болду. Андан кийин, КР УИА Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын кызматкери Жибек Абдрашитова бактарды кандай тартипте жана кантип отургузууну өз көзөмөлүнө алды. Керектүү жана пайдалуу ишке катышуу балдарда да, педагогдордо да жагымдуу сезимдерди пайда кылды. Эң активдүүлөр үчүн компаниянын атынан "Посади дерево" деген жазуусу эле айтып тургандай футболкалар белекке берилди.
"Көгөрүп турган бак-дарактар шаардын жана шаардыктардын жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат, алар ден соолук үчүн жайлуу микроклиматты уюштурушат жана шаардын жалпы көрүнүшүн калыптайт. Биз ушундай маанилүү жана керектүү ишке катышкандыгыбыз үчүн абдан курсантпыз, биздин жалпы эмгегибиздин алгачкы жемишин кийинки жылы көрөбүз деп ишенебиз. Сөзсүз ал жыйынтыктар менен да баарыңыздар менен бөлүшөбүз!" - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Иш-чаранын толук фотоотчётун компаниянын Facebook жана Instagram расмий баракчаларынан көрсө болот.