Тажик бийлиги "Душанбе-2" жылуулук электр борборун кургандыгы үчүн Кытайга "Жогорку Кумарг" алтын кенин берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "Жогорку Кумарг" алтын кенин Кытайдын ТВЕА компаниясы иштете турган болду. Бул компания Душанбе шаарына жылуулук электр борборун куруп берген. Бул курулуштун баасы 350 миллион долларга бааланса, анын 330 миллион долларын Кытай өлкөсү насыя катары берген.
"Тажик бийлигинин билдиришинче, кытайлык компания карызга берген акчасынын толук алганча кен казуу иштерин улантат жана өлкө карызынан кутулгандан кийин кенди иштетүү боюнча жаңы келишим түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 2017-жылы кытайлык ТВЕА компаниясы Кытайдан насыя катары алынган 386 миллион долларга Бишкек жылуулук электр борборунда оңдоо иштерин жүргүзгөн.