"Samsung" компаниясы кызматкерлерине кокустан 105 миллиард долларлык акциясын которуп алган

"Samsung" компаниясы кызматкерлерине кокустан 105 миллиард долларлык акциясын которуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай катачылыкка Samsung`дун Түштүк Кореядагы "Samsung Securities Co" брокердик компаниясынын кызматкери жол берген. Белгилүү болгондой, компанияда акциясы бар кызматкерлерге 0,93 доллар которулушу керек болчу, бирок брокер жаңылышып, ар бирине "Samsung Securities Co`нун" 1000ден акциясын которуп салган. Жаңылып жөнөтүлгөн акциялар 105 миллиард долларды түзгөн. Мындай акцияны компаниянын 2 миңдей кызматкери алган. Брокердик компания жаңылып калганын 37 мүнөттөн кийин көрүп, берилген акциялар жабылган. Бирок ага чейин 16 кызматкер акцияларды сатып жибергенге үлгүргөн.

Бул катачылыктан улам компаниянын баалуу кагаздарынын баасы 6 мүнөттүн ичинде 12 пайызга арзандап, чоң чыгымга алып келген. Учурда кызматкерлердин баарын каржылык башкармалык текшерүүгө алып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
traveler
2018-04-17 18:41:57
Кыргызстанда жалпы бюджети 5млрд $. А Кореянын бир компаниясында жуздогон миллиард $ акчасы бар. Качан биз ошондой болобуз ия?
+6
Milduri
2018-04-17 19:44:43
Кыргызстан дагы өзүнүн бренди менен качан дүйнөгө таанылат. Азыр дүйнөдө Samsung LG Hyundai десе баары Кореяны ойлошот. Бизде да күчтүү электроникалык же машина куруу боюнча дүйнөлүк брендибиз качан болот. Биздин миллиардер саясатчы бизнесмен чоңдорубуз бренд туралуу да ойлонсо жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан