Каныбек Осмоналиевдин байгелери үчүн оор атлетика боюнча Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште ата мекендик спортчулар ийгилик жарата алышкан жок

17-ноябрда Бишкекте Олимпиада чемпиону, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Осмоналиевдин байгелери үчүн оор атлетика боюнча 25-эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Ага өлкөбүздүн спорт клубдарынан тышкары Казакстан менен Тажикстандан келген чоюн билектер катышты. Анда эркектер арасында 8 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулуп, ата мекендик спортчулар биринде да чемпион атала алышкан жок. Медаль чогултуу жагынан казак спортчулары алдына эч кимди салбай триумф жаратышты. Кыргызстандын атынан байгелүү орундарга илингендер төмөнкүлөр болду: Сыргак Абдраманов (56 килограмм салмакта, 2-орун), Захид Токтобаев (69, 3-орун), Эрлан Алашев (94, 2-орун), Султан Ашимов (94, 3-орун) жана Павел Козлов (105, 3-орун). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан