"Кытайдын Сычуань провинциясындагы Дачжоу шаарында жол эрежесин бузган айдоочулар айып пул төлөгөндөн бошотулду. Эми алар өздөрүнүн эреже бузгандарын интернетке жарыялап, инспекторлордон жана элден кечирим сурашат", - деп чет элдик маалымат булактары Кытайдын жергиликтүү басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка ылайык, эгер эреже бузган айдоочу жазган постуна 20дан ашык "жакты" белгисин топтой алса, ал айып пулдан бошотулат. Бирок айып пул төлөөнүн ордуна интернет аркылуу кечирим суроо ыкмасы бардык эле айдоочуларга бериле бербейт. Негизинен өтө чоң эмес эреже бузгандарга гана тиешелүү.
Бул ыкмага азырынча велосипедисттер менен мотороллердин айдоочулары гана туш болууда. Жол кыймылынын полициясы айдоочулардын кечирим сураган постторун Weibo социалдык тармагындагы өздөрүнүн баракчасына бөлүшүп турушат.
"Мен мотоцикл айдап бара жатып жолду кесип өттүм. Мени жол кыймылынын полициясы токтотуп эреже бузганымды түшүндүрүп берди. Бардык айдоочуларга айтарым ал жерде белги да турат, эске алып сиздер эреже бузбаңыздар. Мындан кийин мен да биле жүрөм. Эреже бузганым үчүн кечирим сурайм", - деп айдоочулардын бири интернеттеги жеке баракчасына жазган.
Анын бул билдирүүсү 28 "жакты" белгисин топтоп, айып пул төлөөдөн бошотулган.