Түндүк Корея өзөктүк куралын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, полигондорун жабат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү ядролук полигонду жабарын жарыялады. Мындай чечим башкаруучу Эмгекчилер партиясынын жума күнү орун алган жыйынында кабыл алынган. Бул аракет Корей жарым аралындагы тынчтык жана экономикалык өсүш үчүн жасалып жатканы айтылат. Ошондой эле токтомго ылайык, эгерде Түндүк Кореяга карата коркунуч жаралбаса өзөктүк куралын колдонбой турганын билдирген. Мындан сырткары, өзөктүк куралды башка өлкөгө бербей турган милдеттенмени моюнуна алган.
Буга чейин Ким Чен Ын өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүнү токтотуп, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууга даяр экенин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына: "Бул Түндүк Корея жана дүйнө жүзү үчүн чоң прогресс. Чыдамсыздык менен биздин саммитти күтөм", - деп жазган.