Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам берүү үчүн кайрымдуулук марафон старт алды

Жылдар өтүп жатат, бирок эч нерсе Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин маанисин жоё албайт. Каргашалуу 5 жылдын ичинде мекендештерибиз биздин эркиндигибиз жана көз карандысыздыгыбыз, тынч жашоого болгон укугубуз үчүн күрөшүштү. Согуш жылдарында өз эмгеги, кайратмандыгы жана баатырдыгы менен Улуу Жеңишти жакындаткан бардык адамдардын салымы баа жеткис.

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоого байланыштуу О! Мобилдик оператору Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам берүүгө багыттала турган каражаттарды чогултуу боюнча кайрымдуулук марафонун ачкандыгы тууралуу жарыялады.

Мурунку жылдардагыдай эле ардагерлерге жардам чогултуунун гаранты катары О! Мобилдик оператору турат, ал ар бир түшкөн кайрымдуулук каражатынын келишин жана анын даректүү берилишин көзөмөлдөйт. О! түйүнүнүн ар бир абоненти "Жеңиш Күнү" акциясына катыша алат жана ардагерлерди колдоого 20 сом которо алат. Ал үчүн SMS жөнөтүү керек же 1945 номерине чалуу керек. Акция 2018-жылдын 11-майына чейин улантылат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республикада болгону 475 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт.

"О! Мобилдик операторунун Акциясы Улуу Жеңиш жана анын баатырларын эскерүүгө, согуштун ардагерлерине урмат көрсөткүсү келгендерге арналат. Биздин жашообуз үчүн милдеттүү болгон бул адамдарга жардам берүү колубуздан келет. Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында биз бардык аракеттерибизди бириктирүүдөбүз", - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Бул Акция көп жылдан бери өтүп келе жатат. Былтыр, 2017-жылы О! түйүнүнүн абоненттеринен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 80 060 сом жардам көрсөтүлгөн.

Акция аяктагандан кийин анын натыйжасы боюнча отчётту мурунку жылдардагыдай эле эле www.o.kg расмий сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы басма сөз каражаттарынан окуса болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан