Арменияда эл кайрадан митингге чыкты

Армениянын борбору Ереванда жарандар кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-апрелде "Елк" кыймылынын лидери Никол Пашинян менен убактылуу өкмөт башчылык милдетти аткарып жаткан "Республикачылдар" партиясынын өкүлү Карено Карапетяндын ортосунда сүйлөшүү болушу керек болчу. Бирок бул жолугушуу үзгүлтүккө учурагандыктан эл кайрадан көчөгө чыгып, жолдор жабылган. Полиция элди таркатууга аракет кылуууда жана шаар көчөлөрүндө аскердик унаалар жүрөт.

Пашиняндын мурдараак билдиришинче, өкмөт башчы Республикачылдардан эмес, элдик талапкер болушу керектигин жарыялаган. Ал эми Карапетян өкмөт башчы көчөдөн эмес, мыйзамга ылайык тандаларын билдирген.

Эске салсак, Армениянын премьер-министри Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылган эл эки апта бою көчөгө чыгып, жолдорду жабышкан. Буга байланыштуу Саргсян кызматтан кетерин жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
esimdesin
2018-04-25 16:00:47
Супер инфо сунуш пикирлерди каяка жибериш керек?
Комментарийге жазсам эле өчүрүп жетишип атасынар го
0
admin_superstan
2018-04-25 16:40:40
esimdesin,
Саламатсызбы! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
0
pat12
2018-04-25 16:31:02
Ызы чууну башташ оной, токтотуш кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан