"Тойота Мотор Казахстан” компаниясы Улуттук олимпиадалык комитет менен кызматташа баштады

24-апрелде “Тойота Мотор Казахстан” компаниясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиадалык комитети Бишкек шаарындагы жаңы “Тойота Центр Бишкек” дилердик салонунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ошондой эле “Тойота Мотор Казахстан” компаниясы Улуттук олимпиадалык комитеттин карамагына 3 унаа берди.

Бул күнү 2 өзгөчө окуя орун алды.

Биринчиси:

“Тойота Мотор Казахстан” компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен тыгыз иштешүүсүн баштады. Ага Улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов жана “Тойота Мотор Казахстан” компаниясынын жетекчиси Кит Мэтью Симмонс кол койду. Ал меморандумга ылайык, эми өнөктөштөр Кыргыз Республикасындагы олимпиадалык баалуулуктарды өркүндөтүү жана өстүрүүнүн үстүндө иш алып барышат. Ошондой эле “Тойота Мотор Казахстан” компаниясы Кыргыз Республикасынын олимпиадалык курамын 2024-жылга чейин спорттук мелдештерде колдоо көрсөтөт.

Экинчи өзгөчө окуя:

“Тойота Мотор Казахстан” компаниясы Улуттук олимпиадалык комитетине колдонуу үчүн карамагына 3 унааны өткөрүп берди. Алар Toyota Land Cruiser 200, Toyota Camry жана Toyota Hiace үлгүсүндөгү унаалар.

Биз Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөш болгонубузга абдан кубанычтабыз. Биз үчүн спорт - бул жөн гана дене тарбия же спорттук мелдештер эмес, тынбаган кыймыл, алдыга умтулуу жана коюлган максаттарга жетүү. Мына ошондуктан биз кубануу менен Улуттук олимпиадалык комитетти колдоого даярбыз. Биринчи жардам, биринчи көмөгүбүз катары 3 унаа бердик. Бул биздин олимпиадалык кыймылды алдыга жылдырууга кошкон алгачкы салымыбыз десек да болот”, - деди “Тойота Мотор Казахстан” компаниясынын жетекчиси Кит Мэтью Симмонс.

Ошондой эле ал олимпиадалык спорттун жана "Toyota Motor Corporation” компаниясынын көз караштары окшош экендигин, анткени экөө тең тынбаган кыймыл менен улуу максаттарга умтулуп жатканын кошумчалады.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов жалпы эле “Toyota Motor Corporation” компаниясына буга чейинки кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте да жакшы кызматташабыз деп үмүт кылып жатканын айтты.

“Олимпизм ар бир адамга өзүн бир максатка умтулуп жаткан жалпы команданын бир бөлүгү катары сезүүгө жана эл аралык деңгээлдеги кызматташуудагы өзгөчө тажрыйба берет. "Toyota" компаниясы жана эл аралык Олимпиадалык комитетинин кызматташуусу буга жаркын мисал боло алат. “Тойота Мотор Казахстан” компаниясына мындай чоң проект үчүн, "Start Yosur Impossible" компаниясын демилгелегени үчүн жана Пйоңчаңдагы кышкы олимпиадалык оюндар учурунда биздин спортчуларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирем. Мен биздин өнөктөштүгүбүз эң жогорку деңгээлде болот деп ишенем. Ал олимпиадалык кыймылды өнүктүрүп өстүрүүдө, улуттук ишенимди чыңдоодо чоң салым кошот”, - деди Улуттук комитеттин жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов.

Айта кетсек, 2018-жылы Пйоңчаңдагы Кышкы Олипиада оюну учурунда “Toyota Motor Corporation” компаниясы глобалдык "Start Your Impossible" аттуу демилге көтөргөн. Анын максаты - “эркин кыймыл, мүмкүн эмес делген нерселерге умтулуу, өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу” аттуу компаниянын умтулуусун, философиясын дагы бир жолу дүйнө менен бөлүшүү болчу.

"Пйоңчаңдагы Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды, бирок “Toyota Motor Corporation” компаниясы жана Улуттук олимпиадалык комитет мурунку мелдештер менен эле чектелбейт. Меморандум 2024-жылга чейин уланат. Келечекте активдүү аракеттер күтүп турат, ага ар бир Кыргыз Республикасынын жараны күбө болушу мүмкүн", - деп билдиришти “Тойота Мотор Казахстан” компаниясынан.

“Тойота Мотор Казахстан” компаниясы 2009-жылдан тарта Кыргыз Республикасындагы жана Казакстандагы Toyota жана Lexus брендинин иш-аракеттерин жүргүзүп келет. "Toyota" компаниясынын дилердик борбору (Тойота Центр Бишкек) Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында биринчи жолу официалдуу түрдө 2013-жылы ачылган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан