MegaCom туулган күнүндө абоненттерине белектерди тартуулайт

MegaCom компаниясынын түптөлгөнүнө быйыл 12 жылдын жүзү болду. Майрамдын урматына компаниянын бардык кеңселеринде майрамдык өзгөчө маанай өкүм сүрүп, абоненттерди кубанычтуу сезимдер, эстен кеткис көз ирмемдер, жагымдуу бонустар күтөт!

Мобилдик оператордун өлкөбүздүн бардык жерлеринде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлору жана Фирмалык салондору майрамга карата жасалгаланып, акы төлөнүүчү номурларды сатып алууга жагымдуу арзандатуулар каралган. Жеке абоненттерге 2018-жылдын 27-29-апрель күндөрү, корпоративдик абоненттерге 2018-жылдын 27-28-апрель күндөрү ушундай мүмкүнчүлүктөр тартууланат.

- "Күмүш", "Алтын" 50 % арзандатуу менен;

- "Платина 7500", "Платина 15000", "Платина 30000" 75% арзандатуу менен.

Мындан тышкары, 28-апрелде Сатуу жана тейлөө борборлорунда MegaCom абоненттери үчүн МБ жана мүнөттөр белек топтомдору түрүндөгү пайдалуу бонустар да берилет. Балансты 100 сомдон 200 сомго чейин толуктоодо – бонус 100 МБ интернетти жана түйүн ичиндеги акысыз 50 мүнөттү; 200 сомдон 500 сомго чейин – бонус 512 МБ интернетти жана түйүн ичиндеги 75 мүнөттү; 500 сомдон жогору – 1 ГБ интернетти жана түйүн ичиндеги 75 мүнөттү түзөт.

Келиңиз жана компаниянын 12 жылдыгын MegaCom менен бирге белгилеңиз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mir_said87
2018-04-27 10:02:13
мегаком супер
+1
Chungyz
2018-04-27 17:36:25
Билайн
-2
tular
2018-04-28 00:51:25
Урматтуу мекендештер, келгиле МегаКомду колдонолу, анткени компаныянын 100% акциясы мамлекетке таандык. Коротулган ар бир сомубуз мамлекеттин казынасына тушуп турат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан