"Collezione" дүкөнүнөн соода кылып Platinum картасына ээ болуңуз да, бир жыл бою 30 пайыздык арзандатууга мүмкүнчүлүк алыңыз". Дал ушундай мүмкүнчүлүктү "Collezione" кийимдер дүкөнү өз кардарларына сунуштайт.
27-апрелде Бишкек шаарындагы ГУМ соода борборунда түркиялык "Collezione" кийимдер дүкөнү ачылды. Ачылышка Collezione брендинин Түркиядагы жетекчиси Тайлан Кырали катышып, салтанаттуу түрдө кызыл лентаны кести. Ошондой эле дүкөндүн ачылышы концерттик программа менен коштолду. Анда учурдун мега ырчылары Нурлан Насип, Омар жана "Жарайт Сити" долбоорунун күлкү жаратуучу жигиттери келгендерге жакшы маанай тартуулашты. Мындан тышкары викториналар, оюн-зооктор орун алып, аземге келгендерге белектер ыйгарылды.
Ал эми аталган бренддин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Эльмар Бостон түркиялык бренд менен кызматташууну 1 жыл мурда баштаганын билдирди.
"Collezione" кийимдер бренди менен былтыркы жылы келишим түзгөнбүз. Ага ылайык, 1 жылдык мөөнөттө Кыргыз жергесинде аталган бренддин 4 филиалын ачтык. Алгач Ош шаарында, андан кийин Жалал-Абадда жана Бишкек шаарында ачылып, өз кардарларын тейлеп баштады. Биздин алдыдагы максатыбыз - интернет аркылуу соода жүргүзүү", - дейт ал.
Артыкчылыктары:
* Кийимдер сапаты жагынан жогорку класска кирет;
* 6 жаштан 40 жашка чейинкилерди саркеч кийимдер менен камсыздайт;
* Баасы орто класска кирет. Тактап айтканда, эң төмөнкү баа 90 сом, ал эми эң жогорку баа 2990 сом;
* Бир жылда 10 ирет кийимдердин жаңы үлгүлөрү алып келинет;
* 10 миң сомго чейин соода кылгандарга Platinum картасы берилет. Аталган карта 1 жыл бою дүкөндүн ар кайсы филиалдарынан 30 пайыз арзандатылган баада кийимдерди алганга мүмкүнчүлүк берет;
Бренддин тарыхынан:
Collezione бренди 1987-жылы негизделип, Түркиянын аймагында сатыкка чыга баштаган. Бренддин популярдуулугу күн санап өскөн. Учурда аталган бренд 50дөн ашык өлкөлөрдө өз кардарларын мыкты сапаттагы кийимдер менен камсыз кылып келет. Бүгүнкү күндө Collezione`нин 257 филиалы бар. Алардын 200ү Түркия мамлекетинин рыногун камтыса, 50дөн ашууну чет элдик рынокто соода жүргүзүп келет.